super.kg logo

Кочкор-Атада мушташтан алган жаракатынан улам каза болгон жарандын өлүмүнө шектелип 45 жаштагы тургун кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында мушташтан алган жаракатынан улам каза болгон жарандын өлүмүнө шектелип 45 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, жергиликтүү тургундар 8-январь күнү Кочкор-Ата шаарынын көчөлөрүнүн биринде эс-учун жоготуп жерде жаткан жаранды ооруканага жеткиришип, бирок эсине келбей каза болгондугу тууралуу Ноокен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабар беришкен.

Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери ооруканага барып каза болгон жарандын аты-жөнүн аныктоо максатында маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындашкан. Жыйынтыгында, жарандын эриндеринде жана башынын артында көгөргөн тактар бар экендиги аныкталган. Ошондой эле каза болгон жаран Кочкор-Ата шаарынын 43 жаштагы К.А. аттуу тургуну болуп чыккан. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада Кочкор-Ата шаарынын 45 жаштагы тургуну кылмышка шектүү катары кармалып көрсөтмө берген.

Шектүү берген көрсөтмөсүндө 8-январь күнү Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринде каза болгон К.А аттуу жаран менен спирт ичимдигин ичип отурушуп, өз ара чырдашып кетишкенин жана аны жыгылта чаап андан ары басып кеткендигин билдирген.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-пункту менен кылмыш иши козголуп, шектүү Ноокен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда териштирүү жана тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.01.2018. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арам нерсенин айынан (алкоголь)
Арам нерседен алыс журсок,ошончолук жолубуз ачык, кирешелуу болобуз.
22.01.2018. 05:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
К.А жаткан жери жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: