super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Чычканда күйүүчү май ташыган унаа сууга түшүп кетип, 1 адам каза болуп 2 адам жаракат алды" дейт ӨКМ (толукталды)

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа сууга түшүп кетип бир адам каза болуп эки адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"20-январда саат 23:15тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында "Фредлайнер" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан суусуна түшүп кеткен. Натыйжада бир адам каза болуп, эки адам жаракат алган. Жабыркагандар Токтогул районунун ооруканасына жаткырылып, каза болгон адамдын жансыз денеси да ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Эскерте кетсек, буга чейин окурман SUPER.KG порталына "Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаа Чычкан суусуна кулап кетип 1 адам каза болду", - деп билдирген болчу.

Ал эми бул окуя боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына кайрылганыбызда аталган унаада 30 тоннадай бензин болгонун, анын канча бир бөлүгү сууга төгүлгөнүн билдиришти.

"Азыр канча көлөмдөгү бензин сууга төгүлдү белгисиз, унааны суудан алып чыкканда так билинет. Учурда биздин кызматкерлер бензин төгүлгөн сууну текшерип жатышат. Лабораториянын жыйынтыгы менен төгүлгөн бензиндин канчалык зыян алып келгени белгилүү болот", - деп билдиришти аталган мекемеден.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.01.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бул май ташган уналарды козомолго алышабы деги канчалаган май сууга агып кетти балыктар олуп бактар куурап жатат ушундай шалакылыктын айынан ..арты кайрылуу болсун кайтыш болуп кеткен адамдын ..
22.01.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түштүкө карай бараткант май ташыгын уналардан канчанчысы болуп кети буларды каттуурак көзөмөл кылуу керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: