super.kg logo

Кийинки жылдан тартып өлкөдө таза мунай сатылып башташы күтүлүүдө

 

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештеги агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети өлкөдө ЕАЭБ талаптарына ылайык экологиялык таза мунайга өтүү маселесин карады. Долбоор боюнча, өлкөдө бензинди евро стандарттагы категорияга 2021-жылга чейин өткөрүү пландалган. Бирок депутаттар коомдогу экологиялык маселени эске алып, таза мунайга өтүүнүн убактысын 2019-жылга чейин кыскартууну сунушташты.

Депутат Асылбек Жээнбеков өлкөдөгү мунай өндүрүүчүлөргө К2, К3, К4 үлгүсүндөгү бензинди өндүрүүнү уланта берүүнү сунуш кылды.

"Жергиликтүү өндүрүүчүлөр К2, К3, К4 үлгүсүндөгү бензиндерди чыгарууга уруксат кала берсин. Эгер биз бул категориядагы бензинге тыюу салсак, аны ички базарга сатууга гана чектөө киргизишибиз керек. Алар бул К2, К3, К4 мунайларын өндүрүп сыртка сата берсин. Биздин базарга сатуу үчүн "евро" стандарттагы К5 бензинин чыгарышсын", - деди Жээнбеков.

Депутаттар өкмөт жергиликтүү мунай өндүрүүчүлөр менен тыгыз кызматташып, 2021-жылга чейин жогорку сапаттагы мунай өндүрүүнүн үстүндө иштөө зарыл экенин айтышты. Ал эми комитет төрагасы Айтмамат Назаров өкмөттү мунайдын сапатын аныктоочу лабораторияларды ишке киргизүүнүн үстүндө иштөөгө чакырды.

Жогорку Кеңештин комитети 2019-жылдан тартып таза мунайга өтүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.01.2018. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жеенбеков +++
22.01.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Админ сураныч неге бензин кымбатап кайра арзандаган жок чек ара деп которгон эле казакыстан өткөрбой көйгон деп 37сом эле азыр 42сом салярка
22.01.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кымбатап жатат анысы аз келгенсип толугу менен куйуп беришпейт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: