Орусияда полиция кызматкери эки Кыргыз жаранынан пара алып жаткан жеринен кармалды
Орусияда полиция кызматкери эки Кыргыз жаранынан пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, 14-январь күнү полицияга эки Кыргыз жараны кайрылган. Алар ИИМдин Выхино-Жулебино районундагы кызматкери 12 миң 500 рубль пара талап кылганын билдиришкен. Полиция аларды "миграция мыйзамын бузушканы үчүн административдик жоопкерчиликке тартам" деп коркуткан.
Тиешелүү ыкчам иштер жүрүп, пара алып жаткан жеринен 29 жаштагы полициянын лейтенанты кармалган. Учурда ага кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Кыйын болбойт ошентип акча бере берсек кайра кыйын болот мумкун болсо ошентип камрап бериш керек сабак болот Оруся Кыргызстан эмес мелиса эмес башка болсо да жазалайт