super.kg logo

ИИМ: "Бишкекте баңгизатын колдонуу үчүн көмүскө жай уюштурууга шектелип, "Гараж-312" түнкү клубунун ээси, Миша-оргазм аттуу алпаруучу кармалды"

 

2018-жылдын 20-январынан 21-январына караган түнү ИИМдин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы Бишкектеги "Гараж-312" түнкү клубуна атайын операция жүргүзүшкөн. Анын натыйжасында аталган клубдун ээси 1978-жылы туулган Б.Е., Миша-оргазм аттуу клубдун алпаруучусу, 1988-жылы туулган М.М., 1999-жылы туулган официантка Ю.В. аттуу кыз, 1995-жылы туулган Р.В. жана 1993-жылы туулган Х.Р. аттуу эки бармен кармалган. Андан сырткары алар менен бирге клубдун кардары, 1988-жылы туулган Е.А. кармалып, анын жанынан 4,7 грамм гашиш табылган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө жана тергөө иштеринин негизинде Миша-оргазм аттуу клубдун алпаруучусу кардарларды спирт ичимдигин ичүүгө жана баңгизаттарын колдонууга ачык үндөп келгени аныкталган. Мындан улам атайын операция уюштурулган. Жыйынтыгында клубдун алпаруучусунан, эки барменден жана официанткадан баңгизаты табылган. Андан сырткары 32 адам наркологиялык текшерүүдөн өтүп, төртөөнүн маңзатын колдонгону белгилүү болгон", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

ИИМдин маалыматына караганда, жогорудагы факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси (баңгизатын сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу), 252-беренеси (баңгизатын колдонуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же күтүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин Бишкектеги "Гараж-312" түнкү клубунан баңгизат алып жүргөн деген шек менен бир нече адам кармалганы айтылган.






Бишкектеги "Гараж-312" түнкү клубундагы атайын операция

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
22.01.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Миша оргазм деп койуп алганын ))
22.01.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мыйзам чегинде иш алып барбаган клубтарды жабыш керек .
22.01.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тообо аты эле укмуш го.Закон иштебейт да ошондуктан кеңири колдонуп жүрүшөт до конца чыккыла эми кое берип койбой.
22.01.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жабыш керек мындай коомго пайда алып келбеген зыяндуу терс корунушторду
22.01.2018. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Доля болушпой коюшкандыр да
23.01.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кличкасы хаха го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: