super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт кийинки жумада жөлөк пул жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарууну пландап жатат

 

Өкмөт кийинки жумада жөлөк пул жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда парламент комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.

"Премьер-министрдин буйругу менен мыйзам долбоорду иштеп чыгуу боюнча жумушчу комиссия түзүлгөн. Кийинки жумадан баштап мыйзам долбоорун коомдук талкууга өкмөттүн сайтына киргизүү пландалууда", - деди Султанбекова.

Айта кетсек, өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун киргизген. 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдыруу сунушталган. Мыйзамга ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом бериле турганы камтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: