super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берди

 
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана өкмөт мүчөлөрү
УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев, башкы прокурор Аида Салянова жана президенттин ЖКдагы өкүлү Орозбек Молдалиев (алдыңкы катар, солдон оңго карай)
Башкы прокурор Аида Салянова
УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев

Бүгүн, 6-июнда ЖКнын жыйынында Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал жөнүндө  премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин маалыматы угулду. Өкмөт башчы өз сөзүндө Жети-Өгүздө болуп өткөн окуя, Бишкек-Ош жолунун Жалал-Абад аймагынан тосулушу боюнча хронологиялык түрдө маалымат берди. Премьер-министрдин пикиринде, Жети-Өгүз менен Сузактагы окуялар жергиликтүү бийлик менен борбордук бийликтин ортосундагы тыгыз кызматташуунун жолго коюлбагандыгынан болду. Буга байланыштуу, район менен облус жетекчисине тиешелүү ыйгарым укуктарды берүү боюнча мыйзам долбоору парламентке сунушталат. Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү окуялардын уюштуруучуларын аныктоо менен аларга чара көрүү маселесин коюшту. Депутаттардын суроолоруна премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү, башкы прокурор Аида Салянова, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, УКМКнын төрагасы Бусурманкул Табалдиев жооп беришти. Талкуунун жыйынтыгында Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал жөнүндө премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин маалыматы эске алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: