super.kg logo

Балдар интернатындагы тарбиялануучулардын 95 пайызынын ата-энеси бар экени айтылды

 

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында жетим балдар жана ата-энесинин көзөмөлүсүз калган балдарды социалдык колдоо боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы угулду.

Анда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова балдар интернатындагы абал боюнча маалымат берди.

"83 балдар үйүндө 3360 бала тарбияланууда. Алардын ичинен 680 бала томолой жетимдер. Калгандардын атасы же апасы бар. Айрым балдардын атасы да, энеси да бар. Жалпысынан алганда 95 пайыз балдардын ата-энеси же ата, апасынын бири бар", - деди Султанбекова.

"Интернатта үч маал тамак-аш берилип, окуу куралдары акысыз болгондуктан жакын жашаган айылдардагы ата-энелер балдарын жайгаштырып жатат. Мурда соттун чечими менен кабыл алынчу. Азыр кабыл алууда ага да карабай калышыптыр. Ошондуктан учурда бул тармак чоң реформанын алдында турат деп айта алам", - деп кошумчалады вице-премьер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.01.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах бизди кечирчи. Биз жашаган олкодо ушундай балдар уйу кобойуп кетишине албетте ар бир кыргыз озубуз куноолубуз. Бирок умут кылам келечекте Кыргызстанда балдар уйу, карылар уйу деген мекемелер жок болуп кетсе экен. Аминь
23.01.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qwer007,Чечняда жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: