"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Социалдык фонддон минималдуу пенсиядан да аз алгандар боюнча түшүндүрмө беришти
Социалдык фонддон минималдуу пенсиядан да аз алгандар боюнча түшүндүрмө беришти. Алар эмгек тажрыйбасы талап кылынган мөөнөткө жетпей калгандар. Бул тууралуу Социалдык фонддун коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеӊишбек Мукамбетов бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына билдирди.
"Сиздерге кайрылган жарандардын үчөөсү 55 жаштан 58 жашка толо электе документтерин тапшырып, 33-36 жылдык эмгек тажрыйбасы менен пенсияга чыгышыптыр. Негизи ар бир пенсия алган адамдын биринчи жаш курагы, андан кийин эмгек тажрыйбасы маанилүү. Мисалы, сиздерге кайрылгандарды бири Мубарак Төлөбаева 33 жыл 3 ай эмгек тажрыйбасы менен 55 жашында пенсияга чыккан. Ага азайтылган өлчөмдө 1157 сом пенсия чектелген. Эгер жашы жетип, талап кылган эмгек тажрыйбасы аз болсо анда базалык бөлүктөн алган пенсиянын суммасы кыскартылган өлчөмдө чыгарылып, 1780 сомдон аз берилет. Мыйзамда ошондой нормалар каралган.
Эркектер 63кө, аялдар 58 жашка чыкканда алардын пенсиясы дагы бир жолу эсептелинет. Бирок алар мөөнөтүнөн мурун аванс катары алган сумманы кайра "кусуп" беришет. Мына ушул азайтылган өлчөмдөгүсү элге түшүнүксүз болуп жатат. Ошондуктан бул боюнча демилге көтөрүп жатабыз, ишке ашып кетсе аталган норма жокко чыгарылат.
"Ал эми "пенсия же жөлөк пул алганы почтага баргандарга кааласа-каалабаса гезит кошуп беришет" деген туура эмес маалымат. Биз бул боюнча бүт жерде айтып жүрөбүз. Эч ким акчадан башка эч нерсе албашы керек. Бул эми почталардын жер-жерлерде өздөрүнүн жүргүзүп жаткан саясаты. Эгер ошондой маалыматтар келсе жерине барып текшерүү жүргүзөбүз. 2000-жылы ун, май менен пенсия берген учурлар болгон. Бул 2003-2004-жылдары токтотулуп, акыркы 15 жылдан бери баары акчалай түрдө алышат", - деди Жеӊишбек Мукамбетов.
Буга чейин Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаров өлкөдө эң аз пенсия алгандар дыйкандар экенин, алар 1800 сом пенсия ала тургандыгын билдирген. Абжапаровдун бул билдирүүсүнөн кийин эң аз пенсия 1800 сом эмес экендигин пенсионерлер жана алардын жакындары SUPER.KG порталына кабарлашкан.


Минималдуу деген соз, эн томон дегени, андан томону болбойт дегени!!! Силер минималдуу пенсия 1800 сом деп айтып алып, эми эмне актанып жатасынар?!! Эгер минималдуу пенсия колому 1800 сом болсо, 1800 сомдон томон пенсия болбошу керек эле, кандай болгон шартта да!!!
"Эгер жашы жетип, талап кылган эмгек тажрыйбасы аз болсо анда базалык бөлүктөн алган пенсиянын суммасы кыскартылган өлчөмдө чыгарылып, 1780 сомдон аз берилет. Мыйзамда ошондой нормалар каралган."
Эгер 33 жыл эмгек стажы аз болгон болсо, 33 иштеп да 1800 сомго жетпеген пенсия чектелсе, анда жалпы элге кайрылып кетемин...
Аранардан эч ким соц.фондго акча токпосун. 30-40 жыл акча токсон да 1800 сом менен пенсияга чыг
Элет жеринде канчалаган мин адам почтадан пенсия, пособие алаарын билесинерби?!! Ошолордун баарына болбосо да 70-80%тинин колуна газета карматышат, эч ким окубаган гезиттерди... Ошол гезиттерге деп 20 сомдон кармап калышат. Бул факт!!! Текшеришет имиш!!! Толк жок силердин ревизиянардан!!!
Кызык, качантан бери Окмот квота менен пособие берип калган?!! Эгер уй-булонун шарты жаман болуп, жардамга муктаж болсо, Окмот ага токтоосуз пособие берууго тийиш. Анан пособие беруу учун ар жылы башынан документ тапшыртканы да туура эмес. Бул соц.фонддун кызматкерлерин байытып жатат болгону...
Эми эсептегиле, 100 баланын 1 айлык пособиеси эле 81000 с
Анан калса соц.фонд кызматкери менен почта кызматкери ортодо, каза болгон адамдардын пенсияларын жеп келишет, маркумдун каза болгону тууралуу справканы жашырышып, пенсияны убагында токтотушпай... Кыскасы соц.фонддо иштегендердин 99% паракорлор
Азыр итин чоп жеп, карьералык тепкичте бат которулуу учун адам биринчи жанын жеген калпычы, жеткен кошоматчы, кызарганды корсо жулуп ала турган куу, ууру, айрым учурда корсулдап пара алганды билген коркутуп, кыскасы эки жуздуу адам болушу керек экен...
Атамбаевди карагыла, Жээнбековду карагыла да, алардын шайкасын карагыла... Балык башынан сасыйт болуп баары, бири калбай коррупционер бул
Андай болсо эмнеге ошол УКМК, МВД, Прокуратура кандуу жуктун ээсин издебей отурушат?!! Эмнеге Текебаев таап келген документти изилдешпейт?!!
Эл билип турат, кандуу жуктун ээси ким экенин, билгенде эмне, бай атандын "жетим жугуруктору" ордунан козголбой отурушат го, корсо кормоксон, билсе билмексен болуп...
Аларга арыз жазганда эмне?!!
Чычалап (кусуп) деп айтып салыптыр олуп кетип жатсанарда чын суйлогуло!!!