super.kg logo

Сапар Исаков Швейцарияда өтүүчү дүйнөлүк экономикалык форумга катышат

 

Премьер-министр Сапар Исаков 22-25-январда Швейцариянын Давос шаарында өтүүчү Дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясынын ишине катышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын экономикалык форумга катышуу алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулардын өтүшү, анын ичинде ири эл аралык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Кыргыз тараптын расмий делегациясынын курамында Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи Данияр Мукашев, Сапар Исаковдун кеңешчилери Талант Султанов жана Гүлнура Төралиева, өкмөттүн эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков жана "Кыргызтелеком" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы Азиз Солтобаев бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.01.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Давоско катышкыдай Кыргызстандын экономикасы гулдоп жатыптырбы? Дуйнолук экономикалык форумга дуйнодогу экономикасы жогору жетекчи мамлекеттердин лидерлери,бизнесмен,окумуштуу,экономисттер катышат. С.Исаков бюджеттик акчаларды чыгымдап 5-6 кишиден турган делегация менен барышы туура эмес.Андан коро чарбалык иштерди карарсын. Жол,больница,мектептердин абалы, пенсия-пособия, айлык маянаны которуу жана башка чарбалык жумуштарды жасабайбы? Айылчылап журо береби элдин акчасына.Кысчу жерин кыспайбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: