super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Жергиликтүү кеңештер маселе чече албаса, түз башкарууну киргизебиз"

 

Бүгүн, 23-январда Бишкекте аймактарды өнүктүрүүгө арналган жыйын өтүүдө. Анын жүрүшүндө мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйынында жергиликтүү кеңештердеги көйгөйлөргө токтолду.

Президенттин айтымында, акыркы кезде айыл өкмөт башчысын же шаар башчысын шайлоодо жергиликтүү кеңеш жөндөмсүздүгүн көрсөтүп жатат. "Кеңештин төрагасын да шайлай албаган учурлар жок эмес. Мындай учурда кеңешти таркатып, жаңы шайлоо өткөрүүгө туура келип жатат. Буга мамлекет көп каражат сарптап жатат. Ачыгын айтканда, бул маселе эки топтун талашынан улам болуп жатат", - деди Жээнбеков.

"Жалал-Абад шаарында эле 1,5 жылда 3 ирет шайлоо өттү. Эгерде жергиликтүү кеңеш маселени чече албаса, анда кеңештин ыйгарым иштөө убактысына мамлекеттик түз башкарууну киргизип, мамлекеттин ыйгарым укуктуу өкүлүн дайындоо аркылуу жалпы жергиликтүү абалды башкарууга туура келет. Мыйзамда мамлекеттик түз башкаруу институту бар. Бирок ал бир да жолу пайдаланылган эмес. Башкаруунун ушул куралын пайдаланууга убакыт келди", - деп белгиледи президент.

"Жергиликтүү кеңештин маселе чече албай жатышына аймактардагы бийлик өкүлдөрү күнөөлүү. Себеби бир тарабына жаман көрүнүп калбайын деп эч нерсе айтпайсыңар, калыс сөз айтуудан качасыңар", - деп нааразы болду өлкө башчы.

Жээнбеков аймактарды өнүктүрүү үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, токтомдор кабыл алына турганын жана эксперттик топтор түзүлө турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: