Индияга асмандан түшкөн тоңдурулган шар көпчүлүктү таң калтырды. Шар башка планетанын объекти эмес, учактагы дааратканын калдыгы болуп чыкты

Маалым болгондой, жергиликтүү тургундар шарды башка планетадан келген объект катары санашса, айрымдары метеорит кулады деген тыянак чыгарышкан. Ал гана эмес кээ бир жашоочулар аталган шардын сыныктарын терип алып, тоңдургучтарына сактап коюшкан. Ал эми аймактын эл өкүлдөрү шардын калдыктарын атайын экспертизага жөнөтүшкөн. Азырынча жыйынтыгы чыга элек. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бийиктиктен кулаган шар космостук объектке таптакыр окшошпойт. Индиянын Гургаон шаарындагы администрациясынын маалыматында, тоңдурулган шар учактагы дааратканадан чыккан калдыктар. Ал учак учуп бара жаткан убакытта ыргытылган.
Негизи учактагы даараткананын калдыктары атайын резервуарларда сакталып, аэропорттордон бошотулат. Бирок Индиядагы учактар көп учурда резервуарды учуп келе жаткан кезде бошотушат. 2016-жылы индиялык бийлик даараткана калдыктарын жерге таштоого тыюу салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:17
2025-06-25

Рейтинг:
-1

деп майрамдашкандыр