super.kg logo

Депутат: "Өлкөгө 14 миллиард сом зыян алып келген министр жазаланган жок"

 

"Өлкөгө 14 миллиард сом зыян алып келген министр жазаланган жок", - деди бүгүн, 23-январда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев.

Ал Кыргыз өлкөсү Бажы биримдигине киргенде, өкмөт темир жолу аркылуу жүк алып келгендерге ата мекендик салык киргизип коюп, ишкерлер товарларын Казакстандын темир жол бекеттеринде түшүрүп кайра өлкөгө унаа менен ташып кирип турганын айтты. Бул маселе 2015-жылдын май айынан 2018-жылдын 13-январына чейин коштолуп, мындан өлкөгө түшө турган 14 миллиард сом коңшу өлкөгө түшкөнүнө Темир жол ишканасы менен Транспорт жана жолдор министрлигинин иш аракети себеп болгонун айтты.

"Жылына 100 миллион доллардан каражат түшүп турмак. 2 жылда 200 миллион доллар башка өлкөнүн пайдасына кетти. Өлкө 14 миллиард сом зыян тартты. Министрди камабасаңар да сөгүш берип койбойсуңарбы?! Ушул да адилеттүүлүкпү? 168 миң сом үчүн Шыкмаматовду бир жыл сотко сүйрөп, прокуратура 10 жыл сурап, сот 5 миллион айып салды. Ал эми өлкөгө 14 миллиард сом зыян алып келген министрге эч кандай чара көрүлгөн жок", - деди Иманалиев.

Иманалиевди депутат Чыныбай Турсунбеков да кубаттап, тийиштүү кызматкерлерди жумуштан алып, элге жарыялоону сунуш кылды.

"Кошуналардын тилине кирип алардын сунушун кабыл алып, акырында маселе жаралган. Темир жолго түшүп андан бери унаалар менен ташып келишкен. Кандай маселе оор экени билинип турат. Ошондуктан министрди сөгүш менен жазалоо өтө эле жумшак болуп калат. Жок дегенде бул үчүн министрди жумуштан алып, эл алдында уятка калтырыш керек", - деди Турсунбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(11)
23.01.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Каныбек Иманалиев чындыкты айткан депутат молодец.
23.01.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ошондо кайсыл минстр
23.01.2018. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул бир эле мисал, президенттин туура эмес келишимдерге кол койгонун карап иликтеп туратурган депуттатар келсе экен, президенттида караш керек.
23.01.2018. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Командасы менен айдаш керек болчу...
23.01.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондой жемкорлор дагы деле жеп жүргөнү качан токтойт? Каргыш аткырлар!
23.01.2018. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША менен жакшы мамиледе болсо керек да министр, жолун кесип отсо эле 4-5 жылдан кийин деле иш козголо берет, бул бийлик
23.01.2018. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа биздин чондор башы айланып калган.Бугунку жанылыкта Соке мигранттарды жойуш учун 4-5 уй бакса сутун сатып жашаса болот дейт ХХХХ.Ошончолук жойгун келсе завод,фабрика ач ошондо токтойт.Бир сут менен токтото албайсын ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-23 14:53:11
23.01.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура
23.01.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Текебаевди камасанар ал четтеги акчаны КРга лдап алып келди деп эми КРга кирип келе турган акчаны жолдон жок кылып жаткандарга эчкимдин иши жокко
23.01.2018. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суралбай калсын бизде чондор качан соттолчу эле. соттолсо да оппозиционерлер. башкасы баары бир командада болуп жатса кайдан. суралып эле таптаза болуп чыгат ким жегени ким алганы белгисиз калат соттош кк. Акчаны кандай алып озунун кызыкчылыгына пайдаланса ошондой жооп берсин. 14 миллиард сом эмес 168 мин сом учун Шыкмаматов эмне болуп атат азыр. Жегичтерди бугун соттоп чара корушпосо эртен дагы бироо жейт. Мен аны каалабайм. Кеч боло электе ойлонушсун!
23.01.2018. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министрдин атын атай албагандан кийин айтып эмне кылат,баштадыңбы аягына чейин айт,айталбайсыңбы баштаба.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: