Жантөрө Сатыбалдиев: "Өзүн “элдик губернатормун” деп жарыялаган Медер Үсөнов өз күнөөсүн мойнуна алып, эл алдында кечирим сурады"
Жалал-Абаддагы митинг учурунда өзүн “элдик губернатормун” деп жарыялаган Медер Үсөнов өз күнөөсүн мойнуна алып, эл алдында кечирим сурады. Бул тууралуу 6-июнда ЖКнын жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев айтты. Айтымында, Жалал-Абад облусунда жана Жети-Өгүз районунда митинг уюштургандар мыйзам чегинде жооп беришет. “Ысык-Көлдөгү баш аламандыктарды уюштургандарды коё бергенибиз бийликтин алсыздыгын көрсөтпөйт. Ал эми Жалал-Абадда өзүн “элдик губернатормун” деп жарыялаган Медер Үсөнов элдин алдында кечирим сурап, өз күнөөсүн мойнуна алды”,- деди өкмөт башчы. Ошондой эле премьер-министр бийлик жолду тосуу менен байланышкан акцияларга жол бербеши керектигин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

