super.kg logo

Өлкөдө 26-январдан 29-январга чейин абанын температурасы 30 градуска чейин суук болуусу күтүлөт

 


Өлкөдө абанын температурасы 30 градуска чейин суук болуусу күтүлөт. Кыргыз гидрометеорологиясынын берген маалыматына ылайык, 26-январдан 29-январга чейин абанын температурасы төмөндөйт.

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -12…-17,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7,

Талас облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -10…-15,

Нарын облусунун аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -15…-20,

Ош , Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагында түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5,

Ошондой эле тоо этектеринде түнкүсүн -21…-26, күндүз -11…-16,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20 суук, күндүз -5…-10 градуска чейин суук болуусу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайынын күтүүсүз төмөндөшү жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: