super.kg logo
  Саясат  

Сапар Исаков чиновниктерди кызматтык унааларды президенттин жана өкмөттүн иш башкармасына тапшырууга милдеттендирди

 

Премьер-министр Сапар Исаков "Мамлекеттик мекемелерде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык жана нөөмөттүк автотранспортту азайтуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна кол койду.

Ага ылайык, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери президенттин жана өкмөттүн иш башкармасына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна автотранспорттор сатып алынуучу эл аралык уюмдар каржылоочу долбоорлордун башталышы жөнүндө маалымат берүүнү камсыздашы керек.

"Эл аралык уюмдар каржылоочу ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде гранттардын жана каржылоонун башка булактарынын эсебинен алынган же берилген оперативдүү башкарууда же чарбалык карамагында турган, белгиленген лимиттерге кирбеген автотранспорт каражаттарды ал долбоорлор аяктаганда президенттин жана өкмөттүн иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп беришсин", - деп айтылат токтомдо.

Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: