super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Мугалимдин үнүн ким угат? Базар-Коргон районунун мугалимдери оюн, мүдөөсүн жана талабын билдиришти

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Өлмөскан Атабекова атындагы №30-орто мектептин тарых сабагынын мугалими Муратбек Мурзаакимов "Элдик кабар" рубрикасына билдирүү жолдоду.

Анын айтымында, мектепте 23 жылдан бери эмгектенет, бирок бул убакыт аралыгында мектептеги билим берүү системиндеги эч кандай прогрессивдүү өзгөрүүлөрдү байкай элек. Буга байланыштуу ал өз ыктыяры менен райондогу мектептерди кыдырып, мугалимдердин мүдөөсүн угуп чыккан. Алардын баарынын пикири бир жерден чыгып, мугалимдерден чогулган ой-пикирлерди, талаптарды тизмектеп жазган.

"Биз, Базар-Коргон районунун мугалимдери 2010-жылы да иш таштайбыз деп чыкканбыз. Мугалим качанкыга чейин кыйналып жашаш керек? Мугалимдердин ой-мүдөөсүн угуп чыктым, көп жылдан бери айтылып, бирок чечилбей келе жаткан эле көйгөйлөр айтылды. Ошентсе да биз аларды тизмектеп чыгып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу катын жөнөтүү аракетин көрүп жатабыз", - деди ал.

Мугалимдердин кайрылуусу!

"Мугалимдердин эмгек акысы акыркы 10 жылдан бери көбөйтүлгөн жок. Эмгек акынын аздыгынан мектептерге жаш кадрлардын келүүсү жокко эсе. Кээ бир эл шайлаган депутаттар жумшак креслодо отуруп алып мугалимдерди "чабанга жана саанчыга окшоп калган" дешет. Мугалим татыктуу эмгек акы алса жарашыктуу кийинмек. Алган айлыгыбыз айдан-айга жетпейт, карыз болуп калабыз. Азыркы мезгилде мектепте иштеп жаткан жаш мугалимдер эмгек акынын аздыгынан чет өлкөлөргө жашоосун оңдоо үчүн кетип жатышат. Себеби алардын көпчүлүгү батирде жашайт. Балдары жаш, алардын келечегин ойлошууда.

Акыркы мезгилдерде мектептерде мугалимге тиешеси жок кагаз иштерин талап кылуулар жосунсуз көбөйүүдө. Мугалимдердин эмгек акысы аз, ага карабастан убактысынын көбү кагаз иштерине кетет. Айылдагы мектептерде иштеген мугалимдер араң дегенде 3-4 миң сом айлык алышат. Кээ бир атка минерлер ооздорун көптүрүп, мугалимдердин орточо эмгек акысы 13 миң сом дешет. Анда жогорку эмгек акысы канча болот?

Дагы бир орчундуу маселе - класстардагы окуучулардын санынын көптүгү. Кээ бир класстарда балдардын саны кырктан ашат. Мугалим ал класстагы балдардын үй тапшырмасын кантип сурайт? Кантип жетишет? Негизи бир класста 12 парта турат, ошондо бир класста 24 окуучу болуш керек. Көп мектептерде парта жана стулдар жетишсиз, эскилиги жеткен. Ошол класстагы балдар 6 саат бою тикесинен тик туруп окушат. Алардын укуктарын ким коргойт?

Биздин райондо директорлордун көпчүлүгү пенсионерлер, эмне үчүн алар пенсиясын алып, ардактуу эс алууга кетишпейт? Анткени пенсия жашоого жетпейт.

Акыркы жылдарда мектептерге ар тараптан негизсиз текшерүүлөр көп болууда. Мектеп - бул жаш муундарга билим, тарбия бере турган билим уясы. Завод, фабрика же өндүрүш эмес. Билим берүү тармагын өзүнүн түздөн-түз текшере турган мекеме-уюмдары бар, ошолордон гана текшерүү келиш керек.

Жогорудагы айтылган бардык ойлорго нааразы болуп, төмөндөгү талаптарды Кыргыз Республикасынын өкмөтү тез арада карап чыгып жыйынтык чыгаруусун талап кылабыз!

Талаптар:

1. Мугалимдердин эмгек акысы тез арада каралып чыгып, татыктуу эмгек акы төлөнсүн.

2. Мугалимдердин иштеген ставкасы жалпы билим берүү, окуу планынын сааттары кыскартылганына байланыштуу бир жумалык ставка 20 саат эмес, 16 саатка түшүрүлсүн.

3. Класс жетекчилердин эмгек акысы (класс жетекчилиги үчүн) 2 миң сомдон кем болбосун.

4. Дептерлерди жана башка текшерүү иштеринин акысы көбөйтүлсүн.

5. Мугалимдерге эс алуу үчүн курорт жана санаторияларга жеңилдетилген жолдомолор берилсин.

6. Мугалимдердин эмгек стажысы эске алынып, татыктуу пенсия төлөнсүн.

7. Ар кандай органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөр токтотулсун.

8. Класстагы балдардын саны 24 баладан ашпай тургандай шарттар түзүлсүн".

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(34)
24.01.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Эн туура талаптар. Айрыкча керексиз бири бирин кайталаган кагаз иштери
24.01.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эн бир орчундуу маселе которупсунор билбейм..,билбейм унунорду укчу адам чыгабы?Биз мугалим мындай болуш керек деп коп нерсе талап кылабыз,но ошого жараша мугалимдердин мээнети акталбайт.Мугалим эмесмин бирок силердин талабынарды колдойм!!!
24.01.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Муратбек агайдын талабынын аркасынан калган мугалимдер да карап отурбай жогору жакка өз талаптарын алып чыгышсын. Менин да апам мугалим.
24.01.2018. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Дагы пенсиядагыларды кет дебегиле дегенди кошуп койбопсунар.30 жыл мээнетин арнап,чачын ак басып ,ал-кубаттан кете баштаганда керегин жок дегенсип пенсиядагыларды кет деп жатасыгар.Бул туура эмес.ошолордун орногун,тажрыйбасын алгыла.Пенсияларын эки эсе кобойткуло.
24.01.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Alibay,пенсияны Соцфонд татыктуу толоп бериш керек.пенсияга чыккандан кийин пенсиясын жееп уйдо неберелерин караап отурганга не жетсин. ордун жаш муундарга бошотуп бериш керек. кадрлар коп иш орундар жок.
24.01.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менда ушул жаатта билим алдым бирок иштеген жокмун анткени айлыгы аз?ошол себептен иштебей койдум,кана эле айлыгы жогору болгондо иштемекмин?айлыгы аз болсо омур боюу иштебейм,заарилда келген жок арзыбаган айлык учун иштеп.
24.01.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Муратбек агай эн туура талап этип жатасыз.Бирок бир эле райондун мугалимдери президентке кайрылуу жасаганы аздык этет.Социалдык туйундору(интернет) аркылуу Буткул Кыргызстандагы Мугалимдер группасын тузунуз.Кыргызстандагы мугалимдерден интернет аркылуу опрос этиниз.Анан буткул Кыргызстандагы мугалимдердин атынан президентке кайрылуу жассаныз дурус болот эле деп ойлоймун.Жумушунузга ийгилик Аллахым озу сизди колдоосун Оомийн!
KGstan1981 түзөттү 2018-01-24 15:43:54
24.01.2018. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жалаң эле УКМК, МВД да иштегендерге улам-улам турак-жай бере бербей, мугалим, врач деги эле жаш кадрлардын баарына батир менен камсыздап, шартын түзүп берсин деген талапты да кошуп койбопсуз.
24.01.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мугалимдердин айлыгын которуу учун бюджетти которуу керек. Андыктан корунгон кычыктарга жайнаган мечиттерди салбай, анын ордуна ошол акчага чакан ишканаларды куруп, жумушсуздарга жумуш орундарын тузуу керек болчу. Мечиттерден пайда жок. Канчалаган кыргыздар жумуш издеп чет жака кетип калышты. Эми алардын кайра келиши билгисиз.
24.01.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
yrmat88, Эн туура. Азыр мечиттердин ордуна чакан иш каналарды куруу керек эле. Мына биздин айылга уч жыл мурда бир мечит салып салышты. Мечитке баргандардын саны болгону 6-7 киши. Тегерегинде миндеген адамдар жашайбыз. Эч кимиси барбайт. Азандын кыйкыргынан тынчтык жок. Кошуналардын тынчтыгын сыйлоо дегенди билишпейт. Ушундан коро айылыбызга мечиттин ордуна бир кичи иш-кана салып коюшса кана арабтар . Жаштар Россияга кетип калышкан.
24.01.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nuri1,
Тообо кылгыла?башка нерселерге асылсанар жарашат?бирок-бирок мечит Аллах Тааламдын уйу ага асылганга болбойт?Азан сага тынчтык бербей калса башка жака кочуп кеткиле?бул жашоонун сыноосу болгон утурумдук жашоого азгырылбагыла?анткени жооп бере турган кун келет?ошондо каттуу окуносунор?жакшысы айтканынарга тообо келтиргиле?зато 1 Адам болсода барып жатат мечитке?Кудайдан суранып кетерим силердин айылынардагыларга Аллах журокторуно ыйман тилеп кетем?
24.01.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Peri93.93, Ой тууганым. Мечит алланын уйу эмес, ал жон гана арабтардын уйу. Кыргызстанды арабташтыруу максатында салып коюшкан. Ал жерде арабтардын жоо жомогунан башка эч нерсе жок. Чыныгы ишеним мечитте эмес, адамдын журогундо гана болот. Арабтардын жомогу менен жашабай, реалдуу коз караш менен карайлычы жашоого. Т
27.01.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirlan27011987,Астагфираллах...тообо кыл...жаканды карма..
24.01.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эн туура. Мен да мугалиммин. Айлыгынын аздыгы аз келгенсип баары эле бизге чон. Окуучулардын укугу деп ата энелерден баштап. Кочодон балдар мушташса да, уйунон суицид болсо да, ата энеси ажырашып баланын талашса да, кошуна балдар урушса да мектеп мугалимдер куно
24.01.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мугалимдер куноолуу баарына. Эмнеге коррупцияны оздорунон баштабайт чондор миллиондоп жеп жатышат го. Парадга баскан кун ысыкта мугалимдер, кочо кыдырып балдарды санаган мугалимдер. Анысы аз келгенсип ГРЭС деп Ата энелердин паспортунан бери чогултуп откоросун жаман корунуп.
24.01.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Он уч минди директор да албайт эгер законно иштесе. Кээ бир башталгычтар эки класс менен алышы мумкун. Ондун тегереги алат кобу. Аны кредитке тогот кобу. Жетишпеген жашоо дайыма карызга жашайсын. Айлыктан айлыкка чейин деп. Администрация мугалимдерден аз алат керек болсо.
24.01.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Госжумуштун кедей катмары
24.01.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
А класс жетекчинин жумушун айтпай эле кой. Бироонун балдарын оз баландан артык карайсын.ошондо да кээ бири ыраазы эмес. Ошого болгону 450сом алат класс жетекчи учун. Кыскасы соз коп....
24.01.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыздар өзүнөргө өзүнөр кам көргүлө.
24.01.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах ыраазы болсун Мурат агай. Мен дагы мугалиммин. Айлык акы аз бирок талап кучтуу. Акыркы кундору мен дагы ушул боюнча аябай ойлонуп жургом. Кимге? Кайда? Кайрылуу керек деп. Документ иштери толтура. Анан билим сапат жок дейт. Албетте мугалимди документ менен комуп койсо, билим сапат жок болот да.... Кана жогорудагылар жооп бергиле! Киминер эмне деп жооп берет экенсинер?? Орточо айлык 13 мин болсо , а чын эле жогорку айлык канча урматтуу атка минерлер?!!!!
24.01.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура агайга менда кошуламын айлык ото аз. Мен даярдоо классты окутуп жатам.5 500 сом айлык алам аны эч нерсеге жеткизе албаймын. Документ иштерин айтпай эле коюш керек. Айлык масалесин чечип берсе болот эле депутаттар. Салпактап кечке мектепте журобуз.
24.01.2018. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат менда кошулам.Пенсионерлер айла жок иштеп атышат жаш кадырлар айлык аз деп Россияга кетип жатышат.Айрыкча ашыкча иш кагаздар бизге поурочный план жазганга эфективный сабаккка мумкунчулук бербей жатат.ошол кагаздарды кечке жазып отургандын ордуна план жазып корсотмо курал жасаганыбыз жакшы болмок.кагаздан башыбыз чыкпай план жазбай сабак откого туура келет кээ бир кундору.анан кантип билим сапат болсун.поурочный план жазып даярданбай барсан.
24.01.2018. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура талаптар коюлуптур, бул талаптарды бир мен же бул жердеги форумчулар эмес, жалпы эл колдойт... Мугалимдердин айлык-маяналары 2-3 эсе которулсун...

Ал эми Окмот айткан 13-14 миндик маянаны элет жеринде мектептин директору да албайт...

Бийлик уялбай мугалимдердин орточо маянасы 13-14 мин сом деп калп айтат...

Мугалимдердин орточо маянасы ошого жеткирилсин, айрыкча элет жеринде. Ал усун мугалимдер 9000 минден 20 минге чейин маяна алышы керек, 4-8 мин ордуна
Too-tash түзөттү 2018-01-24 21:44:00
26.01.2018. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Too-tash, эмне учун элет жеринде. Шаардыктар деле кыйналып жашайбыз. Баарын эле которуш керек.
24.01.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура мен да кошулам!Менин жубайыи мугалим болуп иштейт.Былтыр окуусун бүтөргөн.Алган айлыгы 7000 сом.Эртеден кечкери мектепте,жазуу иштери аябай көп,түндөсү да кагаз иштер менен алектенип кеч уктайт.Боорун ачыйт.Комиссиясы эле көп экен,кыйратып айлык берип койгонсуп,алар текшербейт деле мугалимдердин айлыгынан акча жеп кетишет экен.Бооруң ооруйт.Иштебе десем,отработка кылышым керек дейт.Калп айтпай чоңдор чындыкты айтса кана!??
25.01.2018. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да оз кесибим мн 1 жыл гана иштегем.айлык акым 4 мин болчу.кагаз иштери толтура.эртеден кечке журосун.азыркы заманда 4 мин 1 айга эмес 1 жумага жетпейт.жаш уй булобуз балдарыбыз жаш уйубуз жок кунумдук тириликке да жетпейт.андан коро кеттик Россияга деп келе бергенбиз(((
25.01.2018. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурат агай эң туура иш баштапсыз. Ишинизге ийгилик. Жогору жактагылар үнүнөрдү угуп,он жагына чечишсин.
25.01.2018. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Класс жетекчинин, мугалимдин, окуучулардын портфолиосу, оз билимин оркундотуу папкасы, устат шакирт папкасы мындан башка канчалаган папкалар бар. кээбирлери эле анча-мынча керек болбосо ашыкча чыгым. Мындан сырткары мектептин ремонтуна, классындын жасалгасына, класстын бир жери бир нерсе болсо куйоонду чакыртасынбы, башканы жалдайсынбы озундун тыйынынды коротуп ондотуп аласын дегеничи. Биз окуучу болгондо класстарды озубуз жууп тазалайт элек, азыр окуучулар баш бербесе мугалимди озун жууп тазала
25.01.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо ушул кабарды улам жаңы күнгө жоон шрифт менен жазып жылдырып тургулачы, элдин ой пикирин көбүрөөк билели. Президенттин басма сөз кызматына да жөнөтүүңөрдү суранам.
25.01.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ankel,туптуура. чиновниктер жамбаштарын креслодон которуп иш кыла башташсын. оюна келген маалыматтыберип, эртеден бери былк этпей отура беришип бир кунубаса алышпай калбасын. эн туурамаселе экен. жолдошум ашыкча кагаз ишинен акчанын аздыгынан мекткптен чыкты. болбосо, эркекмугалимдердинсуру аябай болот экен. эн тентек класс кадимкидей жоошуду эле
25.01.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң туура колдойм мугалимдердин айлыгын көтөрүш керек!Кыргызстандын келечек муунун тарбиялоочулар кыйналбаш керек, акча маселесин ойлоп! Өзү кыйналып турса кантип тарбия берип, кантип окутат!!!
27.01.2018. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалимдерли сыйлабаган олко жарыбайт качан мугалимдер жашоосуна жеткидей айлык алганда заман онолот мугалимдерди ыйлатпагыла Ж Мусабековаларга окшогондорго бир кун сабак окутуп коргуло кантип чабанга саанчыга окшошуп калганын калганын билбей калат
28.01.2018. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мугалимдин кастюмун ошол адам бекер берсин. Чабан,саанчыга окшотпой. Колунан келер бекен. Иш таштоо кылыш кк ошондо эстерине келээр.
03.12.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн эле туура. Мен да мугалиммин. Айлыгын эч нерсеге жетпейт.Айла жок продукты чыгып турсун деп иштейбиз да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: