super.kg logo

Чүйдө төрөттөн каза болгон аялдын сиңдиси: "Эжем дарыгерлерге деп акча катып жүрүптүр, ымыркайын төрөтканадан эртең алып чыгабыз"

 

Буга чейин 20-январда Чүй облустук төрөт үйүндө 42 жаштагы аялдын төрөттөн кийин эсине келбей көз жумгандыгы маалымдалган. Төрөт учурунда абалы оорлошуп кетип, 5 күн комада жатып каза болгон эненин өлүмүнүн себебин иликтөөнү саламаттыкты сактоо министри өзү көзөмөлгө ала турганын билдирген.

Жаңы төрөгөн ымыркайын кошкондо 5 баланын энеси, маркум Роза Жусубалиеванын сөөгү кечээ, 22-январда жерге берилгенин сиңдиси Анара Жусубалиева SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, маркумдун 4 кызы бар, ал эркек бала төрөп алууну ниет кылып жүргөн.

"Байкуш эжемдин тилегениндей эле эркек бала төрөлдү. Ажал экен, күнү бүтүптүр, маңдайына ушундай жазылыптыр деп жатабыз. Бирок ошол ажалга да себеп болгон учурларды байкап кол куушуруп тура албай жатам. Эжем 2 ай мурун, 20-ноябрда эле Чүй облустук төрөт үйүнө бойдон түшүп калуу коркунучу менен жаткырылган. Бала жатындын ылдый жагында жайгашкан деп 2 ай жатты, бул убакыт ичинде дарыгерлер сага оор операция жасалат, даярдан, көп кан кетет, 10 киши менен сүйлөшүп, даярдап кой деп айтып жүрүшүп такыр эле коркутуп салышкан. Мен келген сайын коркуп жатам, мага оор операция жасалат экен деп айтып жүрчү", - дейт Жусубалиева.

15-январда Роза Жусубалиева сиңдиси Анара Жусубалиевага телефон чалып чакырган. Анда ал дааратканадан чалып жатканын, кан өтө көп кеткенин айтып, операция жасала турганын кабарлаган.

"Мен жетип келгенге чейин операцияга алып кирип кетишиптир. Эжем белиме сайылган наркоздон корком, жалпы наркоз берилсе экен деп жүрчү, дарыгерлерге да ошентип айтканына карабай анын белине эле наркоз беришиптир. Ага чейин эле абалынан чочулап жүргөн эжем кесилгендерин көрүп эсин жоготсо керек деп болжолдоп жатам, ал эсин жоготкондон кийин жалпы наркоз берип коюшуптур. Эжем ошол бойдон эсине келген жок, 5 күн комада жатып көзүн бир да ирмебеди. Ошол 2-наркозду көтөрө албай калды деп жатабыз", - дейт ал.

Анын айтымында, улуу кызы 22 жашта болсо кичүүсү 4 жашка толот. Бир кызынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Аны үйүндө күйөөсү караса, Роза Жусубалиева базарда нан сатып иштеген.

"Эжеме дарыгерлер оор операция жасайбыз, 8 миң сом даярда, негизи сага андан да көп акча кетет деп айтышкан экен. Сураган акчаларын беребиз деп эле жатканбыз. Нааразы болгонубуз эле биз чукул кырдаалда алып барган жокпуз да төрөтканага, ал 2 ай дарыгерлердин көзөмөлүндө болду, анын абалынан толук кабардар болуп турушуп тандоону өзүнө коюп коюшкан, качан кан кеткенде операция жасалды. Азыр дарыгерлер "кан кеткен эмес, толук наркоз берүү үчүн эжеңизде астма бар экен, болбойт болчу" деп жатышат. Ал эми наркоз берген анестезиолог эжем каза болгондон кийин 5 күн төрөтканага келген жок. Көзөмөлгө алган дарыгерди да айтпай жүрүшкөн. Мен министрликке кайрылып, министр 5 профессорду жөнөткөндө гана дарылаган жаш врачты көрдүм, анын тажрыйбасы 1,5 жыл экен. Өздөрү абалың оор деп айтып жаткандан кийин тажрыйбалуу дарыгерлер караш керек эле", - дейт ал.

Ошондой эле ал эжеси көз жумгандан кийин палатасынан дарыгерлерге деп катып койгон 7 миң сомду чүпүрөккө оролгон тейде табышканын, аны палатада чогуу жаткан келиндер билдиргенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
23.01.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жүрөк ыйлайт
23.01.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ыйманы саламат болсун ото жаман болуптур
23.01.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Байкуш келин...жайы жанатта болсун. Кудайым уулуна узак омур берсин.
23.01.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Врачтардын кайдыгерлиги
23.01.2018. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бойкуш эненин жаткан жери жайлуу болсун! Куноолулор жазасын алышсын
24.01.2018. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай окунучтуу. Жайы жаннаттан болсун. Кыздарына омур,бак таалай берсин.
24.01.2018. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун
24.01.2018. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эне байкуш уулунун жакшылыктарын корсо болбой беле аттин, жайы жаннатта болсун.
24.01.2018. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Админ, дааратканадан чалышты дейби?
24.01.2018. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Врачтар акча алса анан карайт,чекеден чыгат андайлар,акчаны коргондон кийин шыпылдап калышат.....Мындайча айтканда акчанын кулу болуп калышкан...
24.01.2018. 08:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
иий торойун эле дейсин мындай доктурларды уксан эле ойундан кайтканга туура келет...Эженин жайы жаннатта болсун жакындарына сабыр балдарына узун омур ден соолук ыйман берсин Аллахым.Тороттон каза болгондор бейишке чыгат деп койот го.
24.01.2018. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Врачтардын кылганы ушул болсо тороштон деле коркосун тобаа
24.01.2018. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гинекологтор акчага тоюп өлбөдү,ооо дүйнөдө алган акчаңарга кантип жооп берет экенсиңер.Кесар болуп чыгып жатсам эки врач мени алып кирип алып мына акчасын төлөгөнбү карыз эмеспи деп списокторун карап атышты,акча десе өлүп беришет азыркы врачтар.
25.01.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калган омурун уул кыздарына берсин.Жаткан жери жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: