super.kg logo

"Алтын кенин иштеткен компания күйөөмдү эски техника менен кооптуу жайларга айдаттырып, ал тоодон кулап каза болду. Эми ишкана мени тоготпой жатат" дейт маркумдун жубайы

 

"35 жаштагы күйөөм "Узун Акмат" алтын кенине бара жаткан жолдо погрузчикти айдап иштеп жатып дөңгөлөктөрү начар болгондуктан тоонун боорунан тайып түшүп кетип каза болду. Аны ишке келишим менен алып кеткен ишкана жоопкерчиликтен качып биз менен байланышпай жатат. Күйөөмдүн артында 3 баласы жетим калды", - дейт Токтогул шаарынын тургуну Таттыбү Жандар кызы.

Анын айтуусуна караганда, 3-декабрда Чыңгыз Керезов аттуу "Узун Акмат" алтын кенин иштетип жаткан "Кассана Минералс" ЖЧКсына тиешелүү "Талвег" ишканасынын кызматкери күйөөсү Жылдызбек Сейитбековго келген. Ал күнүнө 1 миң 500 сомдон төлөп беребиз, келишим менен иштеп бер деп күйөөсүн алып кеткен.

"8-декабрда алар сууну жээктеп тоонун боору менен кеткен жолдо иштеп жатышкан. Анда жол муз, ал эми погрузчиктин дөңгөлөктөрү музга туруштук бере албай, эскилиги жетип жешилип калгандыктан, тайгаланып жолдун четине чыгып сайга түшүп кеткен. Мага кийин ошол жерде окуяны көргөндөр "биринчи погрузчик муз тоңгон жолдон өйдөнү көздөй бара жатып тайып жолдун четине чыгып токтоп калды. Ишкананын адамдары ага карабай "айда өтүп кетесиң" деп айдатышты. Экинчи жолу өтүүгө аракет кылганда погрузчик арты менен ылдыйды көздөй тайгаланып сайга түшүп кетти. Күйөөң тажрыйбалуу айдоочу экен ар кандай чараларды көрдү, бирок токтото алган жок", - дешти. Бул окуядан кийин ишкананын адамдары биз менен бир да жолу байланышкан жок. Өзүбүз күйөөмдү алып кеткен Керезбекке телефон чалсак колуңардан келгенин кылгыла деди", - дейт Таттыбү.

Андан сырткары ал милиция бул окуя боюнча кылмыш ишин козгогонун, бирок жылыш болбой жатканын, айтты. Ошондой эле Таттыбү Жандар кызы 2-топтогу майып экенин билдирди.

"3 балам атасыз жетим калды, өзүбүздүн үйүбүз жок жолдошумдун ата-энеси менен чогуу турабыз. Улуу кызым 3-класста, кийинкиси 1-класста, кичүүсү 5 жашта, жалгыз аларды кантип чоңойтом деген ой эзип жатат. Күйөөм аман-эсен болсо балдарын элден кем кылбай чоңойтмок. Мен 2-топтогу майыпмын, оор жумуш жасай албайм. Ушул иш укук коргоо органдары тарабынан адилет каралса, үч баламдын келечеги эске алынып ишкана тарабынан компенсация төлөнсүн", - дейт Жандар кызы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.01.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол ишкананын кызматкерлин кууп чыгып жаптырып салыш керек алтын казганда уран чыгат экен.
25.01.2018. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан эмне болду???? Берки ишкер тарапка да чалдынарбы журналистер??? Ошол жонундо да жазбайсынарбы!!! Бир тарап болбой.
25.01.2018. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассалоому алейкум элим. Биринчиден маркумдун бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Экинчиден алтын казуу иштерине каршы болгон элдин арасына мен да кошулам. Эми үчүнчүсү Керезов Чыңгыз жөнүндө Чыңгыз экөөбүз бирге окуганбыз жана жакын достордонбуз. Анын айтты деген сөзүнө ишене албай турам.(балким ачууга алдырып айткандыр). Келишимди Чыңгыз түзбөйт ал жөн кана жумушчуларда тапканга жардам берип турат себеби Токтогул шаарында казылып жаткандыктан,Токтогулдун жарааны болгондуктан
25.01.2018. 08:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыңгыз мага да кайрылган электрик балдар болсо табып бербейсиңби деп. Себеби Токтогул жеринде болуп жаткан жумушка өзүбүздүн адамдар иштесин деген ою бар.Эми бул кырсык экен ар бир адамга айтаарым өзүңөргө сак болууну суранам акчага кызыкпай техникалык коопсуздукка көңүл бөлгүлө. Маркум агабыз дагы техниканы көрүп бул менен иштей албайм деп койсо болмок бирок тагдыр ушундай экен.
25.01.2018. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күнөөлүүлөр мыйзамга ылайык жооп берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: