UFC жылдызы, мушкер Хабиб Нурмагомедов Бишкекке келди






Бүгүн, 23-январда эрежесиз уруш чебери, UFC уюмунун эң беделдүү мушкерлеринин бири саналган орусиялык Хабиб Нурмагомедов Бишкек шаарына келди. Белгилей кетсек, эртең, 24-январда Нурмагомедов күйөрмандары жана журналисттер менен жолугушуу өткөрөт.
"Кыргыз өлкөсүнө алгачкы жолу келип жатам. Бирок бул жакта күйөрмандарым көп экендигин билем. Эми бул өлкө менен жакындан таанышам" деп Кыргыз жерине келген мушкер алгачкы сезимдери менен бөлүштү.
Эске салсак, Конор Макгрегор чемпиондук курдан ажыраган соң Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергисон чемпиондук кур үчүн беттешет. Эки мушкердин беттеши 7-апрелге белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Менинда досторум ушул мушкердин күйөрмандары.