super.kg logo
  Спорт  

Бишкектик "Дордой" АФК Кубогунун тандоо турунда түркмөнстандык "Ахалга" 1:3 эсебинде утулуп калды

 

Бүгүн, 23-январда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кубогунун тандоо турунун алкагында бишкектик "Дордой" футболдук клубу менен түркмөнстандык "Ахал" беттешти. Беттеш Бишкек шаарындагы "Дордой" спорт комплексинде өттү.

Эсеп оюндун алгачкы мүнөтүндө эле ачылып, анда "Дордойдун" коргоочуларынын катасынан пайдаланган Түркмөнстандын чемпиондору гол киргизип алдыга чыгышты. Бирок бир канча жолу жакшы чабуулдарды уюштурган "Дордойдун" оюнчулары 20-мүнөттө Кайрат Жыргалбек уулу киргизген гол менен эсепти теңей алышты. Оюндун биринчи 45 мүнөтү 1:1 эсеби менен жыйынтыкталды.

Оюндун экинчи бөлүгүндө "Ахалдын" оюнчулары чабуулдарын көбөйтүшүп, 75-мүнөттө жана 85-мүнөттө гол киргизип жеңишти толук өздөрүнө оодарып кетишти.

Эми оюн 30-январда Түркмөнстанда болот.

Эске салсак, 2017-жылы "Дордой" командасы АФК Кубогунун тандоо турунда алгач Түркмөнстандын “Балкан” командасын жеңип, кийинки тандоо турунда Тажикстандын “Хосилот” командасын жеңген. Бул жыйынтык менен АФК Кубогунун тайпалык баскычына чыгып, оштук "Алай", түркмөнстандык "Алтын Асыр" жана тажикстандык "Истиклол" командалары менен беттешкен. Тайпалык баскычтын соңунда Кыргыз командалар жеңилүү ызасын тартып, кийинки этапка өтө албай калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
24.01.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качан женишет булар
24.01.2018. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ахалы деле,Алтын Асыры деле,Истиклолу деле биздикилерди тизелетип кетип атса биздин уйго келип,хотя-бы оз уйунордо болельщиктер учун женгени аракет кылгылачы айланайындар!
24.01.2018. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тан деле калбайм
24.01.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээ футбол ойнобой эле койгулачы
24.01.2018. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстанда футболго караганда көк-бөрү өнүгүп келе жатат))
edik.toloikon түзөттү 2018-01-24 02:12:07
24.01.2018. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туколор уйлорундо громит этет смело.
24.01.2018. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негрлерди кобойтуш керек дагы, кыргыздарды ойнотпой эле коюш керек, ошондо биздин команда женет.
24.01.2018. 08:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurgaz,наоборот лимит мн ойнош кк ошондо кыкелерден футбодтст чыгат деп койсо))))
24.01.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец бир күнү жеңебиз деп өзүңөрду алдап жүрө бергиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: