super.kg logo
  Саясат  

Депутат Зулпукаров Катар мамлекетинин элчиси менен жолукту

 

Кечээ, 23-январда Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Катар мамлекетинин Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мохамед бин Арар Аль-Наими менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Катар элчиси Мохамед Аль-Наими депутат Төрөбай Зулпукаровго жаңырган жылдагы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалоо менен анын эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин бекемделишине кошкон зор салымын баса белгиледи.

Мындан сырткары элчи Бишкек-Доха авиакаттамын ачуу жаатында иш-аракеттер болуп жатканын, бул иш жүзүнө ашса анда эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүгө жана туризм тармагына жакшы таасирин бере тургандыгын айтты. Элчи эл өкүлүнө эки мамлекеттин мамилесин жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн өлкө парламенттеринде өзүнчө депутаттык достук топ түзүүнү сунуштады.
Ошону менен катар эле тараптар эки жактуу кызматташууну мындан ары дагы өркүндөтүү жаатында пикир алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: