Садыр Жапаров: "Мамлекеттик айыптоочуларга ыраазымын, өнүгүп жатат окшойбуз"
Бишкек шаардык сотунда "ата журтчу" 3 депутат боюнча кезектеги соттук отурум өтүп жатат. Айыпталуучу депутат Садыр Жапаров сөз берилгенде буларды айтты: “Мамлекеттик айыптоочуларга ыраазымын. Өнүгүп келе жаткан окшойбуз, анткени алар Кубатбек Кожоналиевдин сот ишине катышпай эле коюусун айтып жатышат. Кожоналиевди Биринчи Май райондук соту айыпсыз деп тапкан, аны соттук отурумдарга катыштырбай эле коюңузду өтүнөм”. Анын мындай пикирин жактоочулар да колдошту. Соттук курам “канча айыпталуучу бар болсо, алардын баары сот ишине катышат” деп Кожоналиевдин сот процессине катыша турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

