super.kg logo

"Газпромнефть": "Жаңы жылга - жаңы форматта"

 

Жаңы жылга - жаңы форматта

2018-жылдын башында "Газпромнефть" тармагынын эки май куюучу түйүнү реконструкциядан кийин кайра иштей баштады:

  • AЗС №29, Бишкек шаары, Сыдыгaлиев көчөсү, 7/1;
  • AЗС №30, Бишкек шаары, Сухэ Бaтoр көчөсү, 1.

Объекттер "Газпромнефть" тармагынын май куюучу түйүндөрүнүн акыркы форматына ылайык жасалды. Мындан тышкары экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун стандарттарына жана талаптарына жооп берген заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздалды.

Реконструкциянын жүрүшүндө станциядагы технологиялык жабдуунун бардык комплекси алмаштырылды, заманбап көп сорттуу май таратуучу колонкалар орнотулуп, станциянын имараты толугу менен оңдолду.

Ошондой эле май куюучу түйүнүнүн аймагында унаа менен коопсуз жүрүү үчүн кирүүчү жолдор кеңейтилди жана жолдун үстү алмаштырылды. Кардарлар жана алардын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн дааратканалар орнотулду. Толук сутка ичинде түрдүү товарлардын кенен ассортименти бар дүкөн жана жайлуу Drive Cafe иштейт.

Мындан тышкары май куюучу түйүндөрдүн кардарлары төмөнкү акысыз тейлөө кызматтарын пайдалана алышат:

  • дөңгөлөктөрдү үйлөө
  • айнектерди жуучу суу бочогун толтуруу
  • Wi-Fi

Бишкектеги "Газпромнефттин" жаңы май куюучу станцияларында Евро-5 экологиялык стандартка жооп берген жогорку сапаттагы күйүүчү майлар сатылат: дизель майы, Регуляр-92, Премиум-95 бензиндери жана "Газпромнефтинин" Омсктогу мунайды кайра иштетүүчү заводунун жакшыртылган G-Drive бензини. №29-май куюучу жайында суюлтулган углеводороддук газ да сатылат.

Кардарлар акчалай же банктык карточка менен төлөй алышат, "Сапарыбыз бир" лоялдуулук программасы иштейт. Бул программага ылайык, чогултулган бонустарды кийин каалаган түйүндөн майга же дүкөндөрдөн башка товарга айлантып алууга мүмкүн. Корпоративдик кардарлар "Газпром нефть" карталары менен да төлөй алышат.

"Биз инвестициялык программаны ишке ашырууну улантып жатабыз. Анын алкагында бардык "Гaзпрoмнефть" май куюучу станцияларын модернизациялоо пландалган. Ар бир жаңы формат менен биз станцияларыбызды кардарлар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз кылууга, акыркы технологиялык чечимдерди ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Унаа сүйүүчүлөрү бензиндин мыкты сапатын, тейлөөнүн жогорку деңгээлин жакшы баалашат деп үмүттөнөм", - деп белгиледи "Газпромнефть Азиянын" башкы директорунун чекене сатуулар боюнча орун басары Алишер Жолчуев.

Бүгүнкү күндө "Газпромнефть" тармагынын бренди менен 38 май куюучу станция иштейт. 2018-жылга карата "Газпромнефть Азия" 2 май куюучу станцияны реконструкциялоону пландап жатат.

«Газпромнефть» май куюучу жайлар тармагы – биз сапардагылар үчүн чоң иштерди жасайбыз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
24.01.2018. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
эмнеси болсо да куйуучу майды арзандатса экен.Жаз келе жатат.ото кымбат бугунку куну.
24.01.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баары жакшы. Бирок, жеткирбей куюп бергенинерди токтотсонор сонун болоор эле...
25.01.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тушпойт болду которулсо которулот
29.01.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Атасынын баласы» аттуу колдонуучу, комментарийинизге чон рахмат. Куйуучу майдын жеткирбей куйганы тууралуу так маалыматыныз (кайсы АЗС, дата жана убакыт) бар болсо, бизге кат жибериниз. Атайын тузулгон комиссия сиз менен бирге дал ошол объектке барып, контролдук олчоо жургузмокчу. Ушул же башка суроолор боюнча сиз 24 бою саат иштеген 5151 тынымсыз байланыш телефону аркылуу кайрылсаныз болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: