super.kg logo

ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 2 миллион сомго жакын акчаны өздөрүнө мыйзамсыз которуп алганы ачыкка чыкты

 

Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери 2 миллион сомго жакын акчаны өздөрүнө мыйзамсыз которуп алганы ачыкка чыкты. Бул тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган полктун Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери 2016-жылдын 1-январынан баштап 2017-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта 1 миллион 827 миң 200 сомду өздөрүнө мыйзамсыз которуп алышкан.

Жогорудагы факты боюнча ички иликтөө иштери жүрүп, натыйжада полктун каржы кызматынын О.Э. жана О.М. аттуу кызматкерлери жумуштан бошотулду.

"Ал эми жогоруда аталган бөлүмдөрдүн жетекчилерине катуу тартиптик жаза берилип, ушул бөлүмдүн командиринин орун басары И.Б. ээлеген кызматынан бошотулуп, бөлүмдүн командири А.Н. дисциплинардык тартиптин негизинде жаза алды. Кызматтык иликтөөнүн негизинде топтолгон материалдар юридикалык жактан баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
Тартип бузууларга жол берген адамдар ички иштер органдарына кызматка кайрадан киришүүсү иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыккандан кийин чечилет", - деп билдиришти ИИМден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.01.2018. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге соттолбойт? Ушунча акча оной эмес го.карапайым элди оной эле соттоп салышат
24.01.2018. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камаш керек ушуга окшогондорду ошондуктан онукпойт да
24.01.2018. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттоп жибергиле
24.01.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уурулук кылганы чын болсо жумуштан айдаганы кандай. Ошондо уурдап жумушту таштап кетсе боло берет экенда
24.01.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттор эмне аларды соттосонор уят болобу?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: