Москванын Ногинск районунда пластик жана кагаз буюмдар сакталган кампа өрттөндү



Москва облусунун Ногинск районунда пластик жана кагаз буюмдар сакталган кампа өрттөндү. Кырсык бүгүн, 24-январда болгонун орусиялык маалымат каражаттары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, өрт жалындап бат жайылып, кампанын миң чарчы метр жери күйүп кеткен. Кампа Ногинск районунун Молзино кыштагындагы өндүрүш аймагында жайгашкан.
Өрт өчүрүлүп, андагы 11 адам эвакуацияланган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.
Кырсык болгон жерде пластик буюмдардын өрттөнүүсүнөн абага келтирилген зыяндарды ченөө үчүн атайын лабораториялык жумушчу тайпа жөнөп кеткендиги жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.