Кочкордо окуучулар эсин жоготуп жыгылып жаткан мектептин курулуш каражаттарына жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы чыкты




Нарын облусундагы Кочкор районуна караштуу Туз айылдык орто мектебинин курулуш каражаттары адамдын ден соолугуна зыянсыз. Мындай кабарды SUPER.KG'ге Кочкор райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Улан Өзүбеков экспертизалардын жыйынтыгына таянып билдирди.
Буга чейин аталган айылда жайгашкан Жунушаалы кызы Сайнап атындагы орто мектептин окуучулары эсин жоготуп жыгылып жаткандыгы жана окуучулар арасында башы ооругандар көбөйүп кеткендиги маалымдалган.
"Мектептин курулуш материалдары адамдын ден соолугуна коркунучсуз деген экспертизанын жыйынтыгы келди. Мындан кийин райондун жетекчилиги мектеп жайгашкан жердин жер кыртышы окуучулардын ден соолугуна зыяны жокпу деп текшерип берүүсүн өтүнүп керектүү органдарга кат жолдодук. Учурда алардын жообун күтүп жатабыз", - деди Өзүбеков.
Андан сырткары ал учурда мектепте кадимкидей эле сабактар өтүлүп жатканын, окутуу процесси үзгүлтүккө учурабагандыгын айтат. Аталган мектеп жайгашкан жер мурда мүрзө болгонун, балдардын абалына ошол таасир берет деген пикирлер жергиликтүү тургундар тарабынан айтылып келгени маалымдалган.
Ал эми мектеп 2005-2006-жылдары Корея тарабынан жардам иретинде курулган.







1 |