super.kg logo

MegaPay: Ыңгайлуу, ишенимдүү, коопсуз жана пайдалуу

 

MegaPay жаңы сервиси аркылуу MegaCom абоненттери ыңгайлуу, ылдам жана жөнөкөй жол менен төлөм жүргүзө алышат!

MegaPay – электрондук капчыктын жардамы менен каалаган жерде, каалаган убакта 70тен ашуун ар түрдүү кызматтар үчүн акы төлөө мүмкүнчүлүгү. Коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөйсүзбү, акча каражаттарын которосузбу же балансыңызды толуктайсызбы – мунун бардыгын саналуу секундалардын ичинде аткара аласыз. Android же iOS базасындагы түзмөгүңүзгө AppStore жана Google PlayMarket'те жеткиликтүү болгон MegaPay тиркемесин орнотуп алуу жетиштүү.

Артыкчылыктары:

  • Жөнөкөй

Онлайн-сервистин интерфейси бардыгына – тажрыйбалуу колдонуучуларга да, жаңыдан үйрөнүп жаткандарга да түшүнүктүү.

  • Ишенимдүү

MegaPay жаңы тиркемеси корголгон жана ага уруксатсыз жетки алууга мүмкүн эмес.

Абоненттердин төлөмдөрү сөзсүз түрдө тиешелүү жерге жеткирилет.

  • Үнөмдүү

MegaPay аркылуу төлөм жүргүзүүдө абоненттен комиссия алынбайт. Бардык төлөмдөр акысыз ишке ашырылат.

MegaPay электрондук капчыгынын жардамы менен каражаттарыңызды көзөмөлдөп, бардык төлөмдөр, төлөмдүн кайсы убакта жүргүзүлгөндүгү жана да которуулар тууралуу маалымат алууга болот.

  • Ыңгайлуу

Капчыгыңызды жана банк карточкаларын үйүңүзгө калтырып коюңуз!

Тиркемеге кирүү үчүн: логин – 055Ахххххх форматындагы телефон номуру, кошууда жана каттоодон өтүүдө SMS аркылуу кабыл алынган 4 орундуу сандан турган жашыруун сөз гана талап кылынат.

  • Ылдам

Электрондук капчык аркылуу акы төлөө төлөм жүргүзүүнүн башка түрлөрүнө караганда ылдам ишке ашат: эми кезек күтүүнүн жана терминалдарды издөөнүн зарылчылыгы жок.

MegaPay менен оңой төлө!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: