Жогорку Кеңеш сотторду тандоо кеңешинин тартип комиссиясынын үч мүчөсүн бекитти, бирин колдобой койду
Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңеш сотторду тандоо кеңешинин тартип комиссиясынын 3 мүчөсүн бекитти. Сотторду тандоо кеңешинин комиссиясына мүчө болууга төрт талапкер ат салышкан. Электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгы менен талапкерлердин ичинен эл өкүлдөрүнүн колдоосун алган үч талапкер тандалды.
Добуш берүү учурунда талапкер Салтанат Муратбековага 111 депутат "макул", 1 депутат "каршы" добуш берди.
Дагы бир талапкер Базарбай уулу Эрлан 110 депутаттын "макул" деген добушун алып, ага "каршы" добуш бергендер болгон жок.
Депутаттардын элегинен өткөн кийинки талапкер Тыныбек Бекешовго 110 "макул", 1 "каршы" добуш берилди.
Ал эми дагы бир талапкер Акылбек Абдыкадыровго 21 депутат "макул" болсо, 71 депутат "каршы" добуш берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nursultanbek

25.01.2018. 00:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип макул эмес отпой калды деген соз жакшы угулат экен чем колдоп беришти депутаттар дегенге караганда!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.