Садыр Жапаров: "Охотник", "Патриот" деген жабырлануучулар жок, бул тергөөчүлөрдүн ойлоп тапкан амалы"
Бишкекте депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча соттук отурум өтүп жатат. Анда мамлекеттик айыптоочу сот процессинде “Охотник", "Патриот” аттуу адамдардын тергөөдө айткан билдирүүлөрүн токтом кылып ишке тиркелүүсүн өтүндү. Бул сунушка жактоочулар каршы чыгышты. “Ишке тиркөөгө кажети жок, анткени мурдагы сот ишинде эле караганбыз. Аларды эч кандай жабырлануучу катары кароого негиз жок”,- деди Азимбек Бекназаров. “Бул адамдар жок, тергөөчүлөрдүн эле чыгарган амалы. Буга мен каршымын”,- деди айыпталуучу депутат Садыр Жапаров. Жыйынтыгында аталган жарандардын билдирүүсү сот ишине тиркелген жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

