super.kg logo

ИИМ Орусиядан унааларды уурдоого министрдин орун басары Данияр Абдыкаровдун катышы бар деген маалыматты четке какты

 

Буга чейин интернет сайттардын бирине Орусиядан уурдалган 45тен ашык унаанын Кыргыз мамлекетинен табылышына "министрдин орун басары Данияр Абдыкаровдун жана анын кол алдындагылардын катыштыгы бар" деген маалымат Арслан Тойдиев деген адамдын атынан жарыяланган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы аталган маалыматты төгүнгө чыгарды.

"Жарык көргөн маалымат чындыкка дал келбегендигин билдиребиз. Жогорудагы маалымат коомчулуктун алдында ички иштер органдарынын кадыр-баркын түшүрүү максатында даярдалган материал экендигин белгилейбиз. Мындай көрүнүштөгү маалыматты даярдаган адам эмнени көздөп жаткандыгы белгисиз. Ошол эле учурда ал жалган материалдарды даярдоо менен өзүнүн акылы жана билим деңгээли төмөндүгүн көрсөттү", - деп билдиришти ИИМден.

Ал эми Арслан Тойдиев деген адам милицияга арыз жазып, макалага эч кандай тиешеси жоктугун айткан.

"Жакында ИИМдин жетекчилигин каралоо максатында алардын Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн Европа жана Евразиялык экономикалык союздун курамына кирген мамлекеттерден уурдалып келген автоунааларга тиешеси бар экени боюнча туура эмес маалыматтарды менин атымдан белгисиз бирөөлөр кат жазышкан. Ушуга байланыштуу, мен расмий түрдө бул сайтка жарыяланган макалага эч кандай тиешем жоктугун билдирем. Эгерде кимдир бирөө ушундай жол аркылуу бирөөлөр менен эсептешкиси келсе, мени бул кир оюнуңарга кийлигиштирип, атымды булгаганыңарды токтоткула”, - деп айтылат анын арызында.

Буга чейин ИИМ ЕАЭБге кирген өлкөлөрдөн уурдалган 45тен ашык унаа Кыргыз мамлекетинен табылганын кабарлаган. Анда уурдалган унаалардын ичинде Лексус, Тойота, Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жол тандабастар бар экендиги жана 82 пайызынын VIN-сыр белгиси өзгөртүлгөнү айтылган. Ошондой эле унааларды уурдоо менен алектенген Орусия жана Кыргыз мамлекетинин жарандарынан турган кылмыштуу топ бар экендиги кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
24.01.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Оой биздин чондор эч убакта куноолу болгон эмес алар суттон аппаппак.98кытайга паспорт жасаган кайсы чиновник соттолду???Сарпашев жумушунан четтетилип анан акталып кетти себеби СДПКА
24.01.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындык айтылса керек. Тойгончо жеп олгончо карганабыз просто
24.01.2018. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мафия ото кучтуу. Ар Кандай схемалар болсо керек. Бизге окшогон карапайым адамдардын акылы жетпейт
24.01.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бакиев турат булардын башында.
24.01.2018. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ха-ха Бакиев бечара болуп машина уурдап сатып калыптыр да))). Туалетин кочуп тушсон да Бакиевди куноолой Бер. Озундун колундан эч нерсе келбегенден кийин
Дарыгер түзөттү 2018-01-24 23:23:14
24.01.2018. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Пермден бир орустун машинасын уурдап кыргызстанга минип кетип калышыптыр,через спутник таап бишкеке келсе биздин ИИМдин кызматкерлери 10мин € сурашыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: