super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кылым карыткан мектеп: Өзгөндөгү Көлдүк айылында окуучулар 90 жыл мурун курулган мектепте окушат" дейт окурман

 

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары 90 жыл мурун курулган имаратта окушат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 24-январда окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2016-жылы мектепти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү адистери текшерип, 3-категориядагы кооптуу абалда деп тыянак чыгарып, пайдаланууга тыюу салган.

"Ага карабастан азыркы учурда 500дөн ашуун окуучулар окуп жатышат. Ар бир класстардын дубалдарынан жаракалар кетип, полдору түшкөн. Балдар сууктан үшүп ооруганы көнүмүш адатка айланды. Ал эми эң коркунучтуусу - дубалдар урап жатат. Тез арада комиссия түзүп, көзөмөлгө албаса балдар окуп жатканда урап калса ким жооп берет? Ар бир ата-эне баласын окууга тобокелчилик менен жөнөтөт", - деген окурман.

Эске салсак, аталган мектептин абалы тууралуу өткөн жылы да окурман билдирүү жолдогон. Анын негизинде Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы мектептин курулушу 2017-жылы куруу планына кире тургандыгын айткан.

"Бирок 2017-жыл өтүп кетти, андан бери тиешелүү бир да органдардын өкүлү келип кабар алган жок", - деген окурман.

Аталган мектепте учурда 540 окуучу билим алат. Ал эми окуучуларга 35 мугалим таалим-тарбия берет. Билимкана 1928-1929-жылдары курулган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(19)
24.01.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эгер Мамлекеттин курганга акчасы жок болсо. Кыргызстандын пайдасыз миллионерлери элге жардам кылып куруп берип коюшса жакшы болмок ушул кунго чейин жеткирбей.
Кыргызстандын байлары баары тен оздорунун эле XXXX эле ойлошот
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-01-25 10:09:04
24.01.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
чондордун балдары окуганда анда качандале ондоп тузомок. карапайым элдин балдарына не боло берет бекен. эмнеге ушул убакка чейин кенебей журушот.
24.01.2018. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын аман эле бол го мектебинер?ремонт кылганга болбойтко жаны эле Курбаса болбой калыптырго?
24.01.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мектеп жакшы каралбайт экенда, биздин мектеп 60-жылы курулган, жакшы эле турат, жылда ремонтун кылып караш керек мектепти
25.01.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
MaksCharbak85,
окушту билесинби 1928-29-жылдары курулган дер туратко
24.01.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Качан басып калганда анан иии дешип какылыкташат
24.01.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сенин мектебин бул мектептен 30 жылга жаш экен. Мындайча айтканда Чынгыз Айтматов менен тең мектеп экен.
24.01.2018. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
500дон ашык окуучу ушул мектепте окуса анда бийликтегилерге эмне дештида билбей турам
24.01.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мультимилиенер баатыр куруп берсе болмок экен!Сокеда айылдан баштайм алтыдан уй алып сутун саткыла дептир жардам берип койсун эми!
24.01.2018. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы идея которуп чыгыпсын смартфонду утуп кет
24.01.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайдагы көчмөндөр оюунуна деп 300миллион коротпой ушуга окшогон мектеп же бир бала бакчала же бир муктаждыгы бар иштерди жасабайбы өкүмөтүбүз .Менимче бул көчмөндөр оюуну бул да бизнес окшойт менимче.
25.01.2018. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмот эч нерсе кылып бербейт! 10-20 жылдык откоргондор ондоп бербесе эле
25.01.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Елка тургузганга, кочмондор оюнуна иши кп ысырапчылыкка акча табылат, мындай нерселерге каражат жетпей калат экен да. Ушундай акыбалга келгенге жеткирбей эле, ошол айылдын окмоту да чуркаса болмок экен.
25.01.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спорт зал, Маданият уйу, Бала бакчасы жок чын эле унутта калган айыл...
25.01.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепти убактылуу жаап чара коруш керек. Айыл тургундары арыз жазып айыл окмотто иштегендерди кулагын жеп, укпаса турткулоп болсо да кыймылдатыш керек. Абалы ото эле начар экен.
25.01.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай корунуш айыл жерлеринде болот кобунэсе.благостройный домдо же особнякта жашаган бийликтегилерге бир эле айткан жетпейт.кечээ эле ошол Колдуктогу бир мектепте чогулуш болот деп ата энелер чогулдук,атайын кишилер келет деп 2 саат кутуп отурдук го эшикте буттар какайып тонуп.
25.01.2018. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында заманбап Мектеп, спорт аянтча керек ушул жылы курулуп калса жакшы болмок ,келекчек муундарга кайдыгер карабай .
26.01.2018. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин атка минерлер качан гана адам омуруно зыян келгенде чуркашат буту куйгон тооктой
29.01.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мектептен белгилуу Салижан Жигитов , Кыяз Молдокасымов ж..б коптогонт инсандар чыккан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: