Талас шаардык мэриясы 10 миллион сомго жол кыймылын көзөмөлдөөчү фото-видеожаздыруу жабдыгын сатып алат

Талас шаардык мэриясы жол эрежелерин бузгандарды аныктоо үчүн фото-видеокөзөмөл жабдыктарын сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.
Бул үчүн 10 миллион сом коротулары көрсөтүлгөн. Сатып алуу тууралуу жарыя 23-январда жайгаштырылган. Автоматтык түрдө жол кыймылын жаздырып турган 2 даана фото-видеокөзөмөл жабдыктары Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолуна орнотулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.