super.kg logo

Депутат Жогорку Кеңештин жыйынына таза суу боюнча кызматтык милдеттери туура келбеген жетекчилер келгенине ачууланды

 

Бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча өкмөттүк саат өтүүдө. Депутат Искендер Матраимов таза суу боюнча кызматтык милдеттери туура келбеген жетекчилер келгенине ачууланды.

"Вице-премьер-министр келсе бүт орун басарлары отурат. Жооп бере турган орун басарлары келсе да тейлөөчү кызмат адамы деп эсептейт элек. Билим берүү министрлигинин статс-катчысы отурат, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы отурат. Бул кишилердин иш милдеттери такыр башка. Эч кандай таза сууга тиешеси жок адамдар, жооп бере турган орун басары келсин же өзү келсин. Эптеп эле ушул "Жогорку Кеңеште таза суу боюнча маселе көтөрүлөт экен, барып келгиле" деп жибергендей. Сунуш кылат элем, жооп бере турган жетекчилер келсин. Статс-катчынын иш милдеттери такыр башка", - деди Матраимов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: