Жакынкы 2 жыл ичинде өлкөдөгү 92 айыл таза суу менен камсыздала тургандыгы убадаланды
Жакынкы 2 жыл ичинде Баткендеги 61 айыл, Таластагы 31 айыл таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн, 25-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ичүүчү суу менен камсыздоо департаментинин жетекчиси Аскарбек Токтошев билдирди.
"Кадамжай районунун 29 айылын таза суу программасына киргизгенбиз. Бул Ислам өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен ишке ашканы турат. Жалпы Баткен облусунун аймагындагы таза сууга муктаж болуп жаткан 61 айыл аймагы, Таластан 31 айыл программага кирген. Аталган аймактарда таза суу маселесин чечүү үчүн быйыл иш кагаздарын бүтүрөбүз. Ал эми 2019-2020-жылдары бул ишке ашат. Өткөн жылы 12 айылга таза суу кирген. Быйыл да мамлекеттин бюджетинен 12 айылга таза суу кирет", - деди Токтошев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Nurmat92

25.01.2018. 12:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Силердин убадаңарды эртең эле ит жеп кетет
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.