super.kg logo

Жанар Акаев: "Борбор Азияда суу лидери болуп туруп, өзүбүздүн ичүүчү суубузду чече албай, энергетикалык лидер боло албай жүргөнүбүз өкүнүчтүү"

 

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында таза суу маселесине арналган өкмөттүк саат өтүүдө. Анда өкмөт бул багыттагы эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатат. Жыйында депутат Жанар Акаев Кыргыз өлкөсү суу башында туруп, таза суу, энергетикалык маселеде жасалган жумуштар чабал болуп жатканын айтты.

"Кыргыз өлкөсү Борбор Азияда суу лидери деп айтылып жүргөнү менен, өзүбүздүн ичүүчү суубузду да чече албай жатабыз. Энергетикалык чоң лидер өлкөгө да айлана албай жатабыз. Бул абдан өкүнүчтүү.

2001-2014-жылдары өлкөгө, адашпасам 90 миллион доллар келген. Ал убакта элдин да уюшумдуулугу калыптана элек болгон, биздин куруучулар да таза суу боюнча тажрыйбасы болгон эмес. Ошол эле бир канча айылдарга акча берилип, трубалар кирген, суу чыкпай калган. Менин оюмча, өкмөт фонддор, демөөрчүлөр БУУнун азык-түлүк программасы менен кызматташыш керек. Айылдарда ынтымак коомдору бар. Айрым мигранттар өз айылдарына таза сууга каражат салууга даяр. Өкмөт өтө муктаж айылдарды аныктап, бардык фонддордун башын бириктирип, иш алып барса туура болмок", - деди Акаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.01.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туура айтат Жанар Акаев кошулам сөзүнө толугу менен, кудай берген суубуз бар ошону да иштете албайбыз окунучтуу
25.01.2018. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтат жанар мырза
25.01.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулдойтко жанар акаев
25.01.2018. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колдо бар алтындын кадыры жок деп койотго.
Соке брат айткан шайлоонун алдында,ар бир айылга таза суу чыгартып берем деп коро жатарбыз
25.01.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанар ото акылдуу чыгаан жигит кудайым жаман нерседен сактасын. Ишине ийгилик келечекте ажо бол
26.01.2018. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтыптыр Жанар. Эми угушат бекен чондор. Бирок Жанардын Чубак ажыга карата айткандары жакпай калган мага. Жаштык кылып койгон да, кечирим сурап койсо болмок эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: