super.kg logo

Бишкектин жашоочулары "Тазалыктын" жумушчулары үчүн "Чай ичип жылын" аттуу акцияны улантышты

 
Бишкектин тургундары "Тазалык" муниципалдык кызматынын жумушчулары үчүн салтка айланып бара жаткан "Чай ичип жылын" акциясын улантышты. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Берилген маалыматка ылайык, "Тазалыктын" жумушчуларынын сууктагы оор жумушуна кайдыгер карабаган шаардын айрым жашоочулары таң эрте калааны таштанды, муздан тазалап жүргөндөргө ысык чай, кофе, бутерброддорду алып келип беришкен.
"Бул акцияга Бишкекте жашаган каалаган тургундар кошулса болот. Бүгүн таңдан тартып шаардагы Биринчи Май районунда 151 көчө шыпыргыч, 26 таштанды ташуучу жана жол оңдогон 10 жумушчу иштеп жатат. Аталган райондун кызматкерлерине 11 техника берилген, Октябрь районунда 106 көчө шыпыргыч, 23 таштанды ташуучу, жол оңдогон 7 жумушчу 10 техника менен иштеп жатат. Ленин району менен Свердлов районунда 164 көчө шыпыргыч, 56 жүк ташуучу жумушчулар, 17 жол оңдоочулар 23 техника менен иш жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле шаардык мэрия жумушчулар азыркы тапта да калааны тазалоо иштерин улантып жатканын белгилеп, акцияга катышкандарга ыраазычылык билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
25.01.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эң мыкты жөрөлгө экен Аллах ыраазы болсун
25.01.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматсынар уюштуруучулар!Биз уйкунун таттуусуна келгенде алар жумушун башташат.Аларга дуйнодогу баардык жакшы нерселердикаалайм,оомийн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: