Чүйдө соода күркөсүн карактоого шектелгендер кармалды
Чүйдө соода күркөсүн карактоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-январь күнү Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине Ленин айылынын 49 жаштагы Т.Е. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал ошол күнү саат 19:30 чамасында белгисиз адамдар соода күркөсүнө кирип, бычак такап коркутуп, 10 миң сомун алып кеткенин билдирген.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 16 жаштагы Т.Э. жана 17 жаштагы Б.К. кармалды. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.