super.kg logo
  Саясат  

Жээнбеков айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулаткан мыйзамга кол койду

 

Президент Сооронбай Жээнбеков “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 21-декабрында кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - жол коопсуздугу эрежелерин түздөн-түз бузган адамдардын гана эмес, жол-транспорттук кырсыгына тиешеси бар башка катышуучулардын – жөө жүргүнчүлөр жана мындай транспорт каражатын эксплуатациялоого жооптуу адамдардын дагы жоопкерчилигин жогорулатуу аркылуу жол-транспорттук кырсыктарды кыскартуу.

Каралган жазалардын санын кыскартуу жана алардын мөөнөтүн жана көлөмүн конкреттештирүү жолу менен күнөөлүү адамды жоопкерчиликке тартууда коррупциялык тобокелдер азайтылат.

Кылмыш-жаза кодексинин 281 (Кыймыл коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу), 284 (Мас абалындагы адамга же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга жол берүү) жана 285-беренелерине (Транспорттун коопсуз ишин камсыз кылган эрежелерди бузуу) киргизилген өзгөртүүлөр жазаны катаалдаштырат жана конкреттештирет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: