super.kg logo

Шыкмаматовдун соту: Күбөлөр тендердик комиссиянын жыйынында Шыкмаматов болбогонун айтышты

 

Бүгүн, 25-январда депутат Алмамбет Шыкмаматовдун Бишкек шаардык сотто каралып жаткан соттук отурумуна чакыртылган 4 күбө көрсөтмө беришти. Алардын бири Шыкмаматовго сатып алынган Мерседес Бенц Е320 унаасынын ээси болсо, калган үч адам Эсептөө палатасынын кызматкерлери.

Унаа ээси Шыкмаматовду буга чейин таптакыр көрбөгөнүн айтса, Эсептөө палатасынын кызматкерлери аны тендер учурунда комиссиянын жыйындарынан көрүшпөгөнүн айтышты. Ошондой эле андан эч кандай тапшырма же өтүнүч болбогонун белгилешти.

Ишти карап жаткан соттук жамаат күбөлөрдүн айрымдары түштөн кийинки отурумга чакыртылгандыктан ишти 14:00дө улантууну чечти.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталган. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Депутат Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.

19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.01.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шыкмаматовду куноосуз эле эзишти го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: