super.kg logo

Шыкмаматов соттогу сөзүндө мамлекет кайсы унаадан зыян тартканын айтты

 

Депутат Алмамбет Шыкмаматов Бишкек шаардык сотунда сөз сүйлөп, мамлекет Эсептөө палатасына 1 миллион сомго 3 унаа сатып алып, зыянга учураганын айтты. Депутаттын пикиринде, кийинки тендерде унаалардын сапатына маани берилген эмес.

"Палатанын 9 аудиторуна унаа жетишсиз болуп, 2011-жылы тендер аркылуу 4 миллион сомго 5 унаа сатып алганбыз. Алардын сапаты жакшы болгон. Кийин дагы 1 миллион сомго жакын акчага 3 унаа сатып алыныптыр. Алардын бири Инфинити үлгүсүндө болгон. Бирок 1 жылга жетпей Инфинити талкаланып калды. Мамлекет биз алган унаадан эмес, Инфинитиден зыянга учурап жатат", - деди Шыкмаматов.

Эске салсак, Шыкмаматов жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн "Барат Люкс" ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген деп айыпталган. Ал өзү бул ишти "саясий кысым" деп келет. Аталган тендерге 2 фирма катышып, 2011-жылы 5-октябрда жыйынтыкталган. Ишти УКМК тергеп, Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген. Депутат Биринчи Май райондук сотунун чыгарган чечимине каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотко өткөн жылдын 28-декабрында арыз берген. Анын билдиришинче, Башкы прокуратура да ага коюлган айыптын көлөмү аз экендигин билдирип шаардык сотко кайрылган.

19-декабрда Биринчи Май райондук соту тарабынан депутат Алмамбет Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргыз мамлекетинде жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.01.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жөнөкөй эле ваз 2107 минсенер ошол дале барат, бара турган жерге, тоолуу болсо нива ал, элдин акчасына мерс инфинити минген ким булар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: