super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков тоолуу аймактардагы абал ӨКМнын көзөмөлүндө болушу керектигин айтты

 

Бүгүн, 25-январда президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына алдыдагы аба ырайынын суук болушуна байланыштуу мүмкүн болчу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды жүзөгө ашыруу тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле жазында мүмкүн боло турган суу ташкындарына, селге, жер көчкүлөргө карата даярдык көрүү боюнча дагы айтылды.

Сооронбай Жээнбеков алыскы тоолуу аймактарда жана өлкөнүн негизги жолдорундагы абал аба ырайынын шартына жана кар жааганына карабастан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө болушу керектигин белгиледи. Ошондой эле мамлекет башчы кар эригенче чоң дарыялардын тосмолорун бекитип, аба ырайынын өзгөрүлүшүнөн улам калктуу пункттардын коопсуздугун камсыздоо жумуштарын баштоо зарылчылыгын белгиледи.

Кубатбек Боронов мамлекет башчысы белгилеген багыттардын бардыгы боюнча ӨКМ тиешелүү министрликтер жана мекемелер, аймактардагы мамлекеттик администрация органдары менен биргелешип жумуш жүргүзүп жатканын айтты.

Анын айтымында, күтүлүп жаткан суукка байланыштуу чукул эскертүү таратылган. “Орусия жана Казакстан тараптан келе жаткан циклон бизге жетти. Бүгүндөн тартып суук боло баштайт. Суук дагы бир жума же андан бир аз ашуун убакыт кармалат. Жарандык коргоонун бардык кызматтарына алдын ала айтылып, даярдык көрүлгөн. Кокус инфраструктура объектилери авария болуп иштен чыкса, авариялык кызматтар так жана биргелешип иштеп, бардык кесепеттерин жоюшу керек”, - деди Кубатбек Боронов.

Министр кошумчалагандай, кесепеттерге даяр туруш үчүн бардык кызматтарга тиешелүү маалымат жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: