super.kg logo

Интернет дүкөнгө Кыргыз паспортунун 220 долларга сатыкка коюлгандыгы жөнүндө Каттоо кызматы түшүндүрмө берди

 

Эл аралык "Еbay" интернет дүкөнүндө Кыргыз мамлекетинин эски үлгүдөгү ID-card паспорту 220 долларга сатылууда. Анда жарыяланган паспорт Баткен облусундагы Кадамжай районунун 1990-жылы туулган Аливидо Абдулпота уулу деген тургунуна 2007-жылы берилип, 2017-жылдын март айында жарактуу мөөнөтү аяктаган. Ал эми аталган интернет дүкөнгө паспорттун сатылары тууралуу жарыя 2016-жылы жайгаштырылып, баасы 220 доллар деп көрсөтүлгөн. Аливидонун паспортунун жанына Молдова мамлекетинин жаранынын паспорту да жайгаштырылып, ошол эле баага сатыла турганы белгиленген.

Мамлекеттик каттоо кызматы аталган жарыя боюнча SUPER.KG'ге бүгүн, 25-январда түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, ал паспортту коллекционерлер гана сатып албаса, башка эч ким сатып албайт.

"Жылына паспортун жоготуп алган жарандарыбыздын саны 60 миңге жетет. Ошол эле Орусия, Казакстан, Кытай, АКШ жана башка өлкөдө жоготуп алган жарандарыбыз бар. Жоголгон паспортту таап алгандар аны өрттөп, дүкөнгө күрөөгө коюп коюшу мүмкүн. Ошол сыяктуу эле Аливидо Абдулпота уулунун паспортун да кимдир бирөө интернет дүкөнгө жайгаштырып койгон болушу ыктымал. Себеби бул интернет дүкөн эл аралык болгондуктан каттоодон өтүп өз буюмуңду сатыкка коюп койсоң болот. Бирок Аливидонун паспортун коллекционерлер гана сатып албаса башка эч кимге кереги жок, жарактуу мөөнөтү да өтүп кеткен", - деп түшүндүрдү Эржигитов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
25.01.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироо сатып алып подделкасын жасап чыкса да биздин бийликке баары бир, баштары оорубайт...
25.01.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сатыла элек паспортубуз эле калган!!!
25.01.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KgKerim,сен туштон кийин ойгонубсун! Терорист, жанкечтилер жасалма кыргыз паспорту менен колго тушуп атканына 20 жыл болду
25.01.2018. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сат сат сат паспортуң сат дипломуң сат.
26.01.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Паспорт 2016 жылы сатылат деп жарыяга чыккан экен, а жарамдык мооноту 2017 деп турат, демек юридикалык жарандыкты аныктаган документ сатылып атса бул эмне деген? Катто кызматында келесоолор иштейт окшойт ушинтип тушундурмо берсе.
26.01.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колтугундагы жунду сат! Анан терористер кыргыз паспорту менен экен деп журо бергиле!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: