super.kg logo

Чүйдө жарандын үйүнөн 300 миң сомдук зер буюмдарды уурдап кетишкен деп шектелип 4 жаран кармалды. Алардын бири абакта жазасын өтөп жаткан

 

Чүйдө жарандын үйүнөн 300 миң сомдук зер буюмдарды уурдап кетишкен деп шектелип 4 жаран кармалды. Алардын бири Чүйдөгү 48-жатак абагында жазасын өтөп жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-январда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын тургуну үйүнө белгисиз адамдар терезеден кирип 300 миң сомдук зер буюмдарын уурдап кеткенин айтып, арыз жазган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп натыйжада шектүү катары 4 жаран кармалган. Алардын бири 24 жаштагы Ж.Н. аттуу Жалал-Абад облусунун тургуну болсо, бири Нарын облусунун А.А. аттуу тургуну болгон. Алар менен кошо дагы 2 Чүй облусунун тургундары, 29 жаштагы К.Т. жана 35 жаштагы А.Б. аттуу адамдар кармалышкан. Кийин белгилүү болгондой алардын баары мурда ар кандай кылмыштарды кылып соттолушкан, бири учурда Чүйдөгү 48-жатак абагында жазасын өтөп жүргөн.

Ошондой эле басма сөз кызматынан шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, аларга карата 164-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.01.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Н к т п дей бербей толук жазсанар не болот и так козунон башкасы корунуп эле турат го тааныгандар даана тааныйт да
25.01.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ГСИН жооп берсин жатак абагындагы туну куну эркин журот окшойтда.
26.01.2018. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуга окшогон жумушуна конул кош мамиле кылгандардын артынан (ГСИН) милиция кызматкерлерине кыйынчылык болуп жатат
26.01.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан криминалдын мекенине айланып баратат.
26.01.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан эмне эле болуп баратат.заключенныйлар свободна кочодо коркпой кылмыш кылып журушот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: