ЭЛДИК КАБАР: "Мектептерде окуучулар каникулга тараганы менен, мугалимдерди күндөгүдөй иштейсиӊер деп жатышат" дейт окурман
Кочкор районунун Дөӊ-Алыш айылындагы К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин окуучулары эртеӊден баштап убактылуу каникулга тараганы менен, мугалимдер күндөгүдөй иштейт. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 25-январда окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Суукка байланыштуу мектептерге эртеӊден баштап каникул деп жарыялашты. Бирок мугалимдер күндөгүдөй иштейсиӊер деп жатышат. А эмне мугалимдер айтылып жаткан суукта жылуу үйлөрүндө отурса болбойбу?" - деп суроо узаткан окурман.
Буга чейин маалымдалгандай, абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу мектеп окуучулары 26-январдан 30-январга чейин убактылуу кышкы каникулга таратылган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






о порядке исчисления заработной платы работников образовательных организаций
Заработная плата учителя общеобразовательной организации складывается из оплаты за урочную работу, подготовительную работу, внеурочную работу и работу по повышению мастерства.
Общий объем учебной нагрузки по общеобразовательной школе определяется исходя из ежегодно утверждаемого учебного плана с учетом деления классов на подгруппы
Бардык мугалимдерди мектепке чогулткан директор кызматынан алынышы керек за некомпетентность...
Ал эми мектепке дежурстводогу мугалимдер эле барып, калгандары барууга милдеттуу эмес!!!