super.kg logo

Денесинен 16 ийне табылган ымыркайды чарчап калды деген маалыматтар калп болуп чыкты

 

Кечээ, 25-январда бир катар басылмалар Ташкент шаарындагы Республикалык медициналык илимий борбордо операция аркылуу денесинен 13 ийне алынган ымыркай чарчап калды деген маалыматтарды жазган. Бирок бул кабарды аталган мекеме четке какканын Өзбекстандагы "Азаттык" басылмасы жазды.

"25-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:00гө алынган маалыматтар боюнча, денесинен 16 ийне табылган бала тирүү. Ал 1-даражадагы кома абалында", - деп жазган аталган басылма Ташкент шаарындагы Республикалык медициналык илимий борбордун маалыматына таянып.

Дарыгерлер баланын абалы оор бойдон экенин, бирок анын өмүрүн сактап калуу аракеттери көрүлүп жаткандыгын айтышкан: "Анын абалы жашап кетет деген ишенимди азайтып жатат", - дешкен алар.

Буга чейин Өзбекстандын Фергана облусунда дарыгерлер 11 айлык баланын денесинде 16 даана ийне бар экендигин аныкташып, Республикалык илимий борборго жөнөтүшкөнү маалымдалган. Ал жерден ымыркайга 9 саатка созулган операция жасалып, денесинен 13 ийне алынып, калган 3 ийнени баланын жаш курагын жана абалын эске алуу менен кийинки операцияга калтырышкан.

Ымыркайдын апасы күйөөсү Орусияда экенин, убактылуу өзүнүн ата-энесинин үйүндө жашап жатканын билдирген. Атасы бул окуяны угуп Орусиядан келгени белгилүү болгон. Бирок азырынча бала кантип мындай абалга туш болгондугу тууралуу такыр маалыматы жок экенин билдирген. Ал эми апасы сурак берүүдө, ал баласын дайыма өзү карагандыгын, дээрлик кароосуз калбагандыгын айткан.

Дарыгерлер бала денесиндеги ийне менен 2 айга жакын убакыт жашагандыгын, бирок мынча ийнени ал өзү жута албастыгын айтышкан. Мындан тышкары ийнелер баланын денесинин ар кайсы жеринен: жоон ичеги, табарсык, моюну, көкүрөгү, кыр аркасынан алынган. Бирок медицина кызматкерлери анын кызыл өңгөчү менен ашказаны жабыркабагандыгына таң калышканын билдиришкен. Мындан улам ийнелер тери аркылуу да кириши мүмкүн деген божомолдор айтылган.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, 22-январда ымыркай катуу ооруп баштаганда аны апасы элдик дарыгерге алып барган. Бирок анын жакындарынын бири ооруканага жеткирүү керек экендигин кеңеш берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
26.01.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сакайып кетсе экен. АЛЛАХЫМ шыпаасын берсин!
26.01.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айыгып үйүнө чыгарылды деген сүйүнүчтүү кабарды күтөбүз.анан мындайга ким барып,ийнени ким бергенин аныктагандан кийин кабарлап койсоңор супер инфо
26.01.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул элдик дарыгерлерге дегим бар.
26.01.2018. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ооо Аллахым ушул баланы озун асыра!!!
Эч бир наристе кыйынчылык кун корбосунчу!!!Ким кылса дагы тозок отунда куйсун!!!Ийне ошол адамдын озуно сайылсын!Укол сайганда канча чынырып ыйлайт наристелер.А бул балага 16 ийне киргиче эч ким билбегени окундурот!!!
26.01.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Аллахым омурун берсин наристенин
26.01.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эмнеге билбей калп маалымат таратат акмактар!Кече интернеттен коруп алып аябай жаман болдум эле бугунда ойумдан кетпей жаткан ошол бобок.
Омурлуу бол Бат айыгып кет мыкты мырзалардан болуп чоной ..
26.01.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы болуп кетсин!Дүйнөдө эч бир наристе оорубасын.
26.01.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jbolotov, Eli.91, Omurbek998, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
26.01.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироо эле атайын сайып киргизди да, же тамагына кошуп берип койду
26.01.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ferdews,тамагына кошуп берсе ашказаны жабыркамакда, дарыгерлер ийнени жутуп алыган эмес деп атышыптырго
26.01.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ден-Соолукта болуп Омуру узуун болсун Жараткан шыпаасын берсин .Супер силерда уруп жазып койупсунарда тируу баланы омуру узуун болот!
26.01.2018. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ойлоп коруп тан калып турамда. Кандай абалда кирседа чоон ийнелер кантип эле дейминда. Майда болсода бир жон эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: