super.kg logo

Түштүк Кореяда ооруканадан өрт чыгып, кеминде 31 адам каза болду

 

Түштүк Кореяда ооруканадан өрт чыгып, кеминде 31 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Мирян шаарындагы Седжон королунун атындагы ооруканада катталган.

"Өрт чыккан учурда аталган ооруканада жалпы 200гө жакын адам болгон. Өрттөн каза болгондор биринчи жана экинчи кабатта болушкан. Көпчүлүгү иске ууланып калышкан. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Аталган окуяга байланыштуу Кореянын президенти Мун Чжэ өкмөттү чукул жыйынга чакырды", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, бир ай мурун фитнес клубунда да өрт кырсыгы катталып, анда 29 киши набыт кеткен. Өрт кырсына авариялык чыгуулардын жоктугу жана тез күйүүчү заттардын көп экени себеп болгон. Ошондой эле имаратка жакын автоунаалардын токтотулганы өрттү өчүрүүгө тоскоолдук жараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: