super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ош облустук ооруканасында жылуулук өчүрүлүп, бейтаптар күрмө менен да үшүп жатышат" дейт окурман

 

Аба ырайы 30 градуска чейин суук болушу мүмкүн деген кабарлар айтылганы менен, Ош облустук ооруканасында жылуулук жок. Мындай кабарды окурман "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, оорукананын айрым бөлүмдөрүндө жылуулук кечээ, 25-январда өчүрүлгөн.

"Оорукананын урология жана ревматология бөлүмдөрүндө жалаң суук өткөндөр жатат. Бирок бул бөлүмдөрдүн сууктугунан күрмөлөрүбүздү кийип, ошондо да үшүп отурабыз. Ысык суу да жок. Жылуулуктун өчүрүлгөндүгүнүн себебин оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу деп түшүндүрүштү. Эмнеге кышка даярдык көрүлгөн эмес? Биздин дарыланганыбыз натыйжасын бербей калат го", - деп жазган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
26.01.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уйунордон жылыткыч алып келип жылынып тургула.
26.01.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кана курмочондор?Ошто суук деле болбойт го.Нарынга келип коргулочу
26.01.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Күрмөчөн жаткандарды да тартып койбопсун қалды эле тарта бербей Ошто жылуу эле экенго +белгиси
26.01.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошто ыссык болгону менен оорукананын төрт дубалы тең бетон болсо, көчө ысык болгону менен палата суук болот да.
27.01.2018. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында учурда жылуулук толук кандуу берилуудо.
Шаардык аймакка караштуу суу тутугундо жарылуу катталып,жылуулук беруу бир саатка жетпеген убакытка токтотулган. Ондоо иштери буткорулуп,жылуулук толук кандуу берилуудо.
Азыркы учурда болумдордогу жылуулук 25 градустун тегерегинде.
27.01.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
26 январь ош жылуулук борборунун кызматкерлери ош облустук ооруканасына текшерип барышкан. Урология жана ревматология болумдорундо жылуулук бар экен. Ош облустук ооруканасынын башкы инженер Орозматов Ч. кабары боюнча 25 январь куну жылуулук жок себеби кыска моонотко ондоо туздоо иштери жургузулду. Саат 16:00 ошол эле куну жылуулуу берилген. ОшЖЭБ башкармылыгы
27.01.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура тушунгуло туугандар!
Биздикилер кышка даярдыкты баштады...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: