super.kg logo
  Саясат  

Чолпон Жакупова сот реформасы боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 26-январда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында сот реформасы жана анын жыйынтыктары тууралуу каралды.

Анда жыйынга чакырылган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чолпон Жакупова аталган маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуштады.

"Талкуулоо сапаттуу өтүш үчүн Соттор кеңешинин төрагасы жыйынга катышуусу керек болчу. Эл сотко ишенбей калды. Жыйында Жогорку Соттун дагы өкүлдөрү жок. Менин сунушум бар. Сот реформасы боюнча парламенттик угуу өткөрүү керек. Парламенттик угууга Жогорку Соттун өкүлүн, Соттор кеңешинин төрагасын жана башкаларды чакыруу зарыл", - деди Жакупбекова.

Анын сунушун бир нече депутаттар колдоду. "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Руслан Казакбаев парламенттик угуу өткөрүү боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен такташа турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: