ЭЛДИК КАБАР: "Суукка байланыштуу каникул жарыяланганы менен, айрым мектептерде окуу жүрүп жатат" дейт окурман
Араван районунун Кичик-Алай айылындагы Тургумбай Осмонов атындагы орто мектепте окуу жүрүп жатат. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 26-январда окурман "Элдик кабарга" WhatsApp аркылуу кабарлады.
"26-январдан баштап 30-январга чейин суукка байланыштуу өлкөдөгү бардык окуучулар каникулга таратылат деген маалымат тараган. Бирок ага карабай бир мектеп иштесе, бир мектеп иштебей жатат. Мектептерге өз убагында маалыматтар жеткен эмес окшойт, окуучуларга мугалимдери каникул тууралуу айтышкан эмес. Буга байланыштуу окуучулар мектепке кетти", - деген окурман.
Эске салсак, абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу өлкөнүн бардык мектептериндеги окуучулар 26-30-январга чейин кыска мөөнөттүү каникулга таратылганы маалымдалган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Силер Кичи-Алайды билбейт окшойсунар?жадыраган жазда алар устуно калын кийинип журушот,кун суук болуп,кышындасы 1 метр анданда коп жаайт кар ал жакта?анан ал жакда эл аз?окууга 1-2километр алыстан келип окушат?суукда кантип келип окуйт алар?
Сен эсли Араванды жакшы билгенинде Араван району на караштуу Кичик-Алай айылы бар экенин билет Элен?Араванга караштуу Алай Папан суу сактагычын бойлоп кете берет?мен айткан Кичи-Алай Ак--Буура суунун башында жайгашкан?Кожекелен Чоогом Ак-Талаа Кашка-Суу Кызыл-Шоро Сарык-Мол деген айылдар бар ал жакда?